Эне тилибиз – башкы маселе

Автор: sarymsakov, марта 19, 2013

Этегибизде эрмешип, жакабызга жармашып жан жабыркаткан башкы маселе бул – биз, кыргыздар эмне деген элбиз, азыркы абалыбыз түпкү тегибизге төп келип турабы же тамырыбыздан, өзөгүбуздөн, өсөр багытыбыздан адашып, келечегибизге түздөнө албай талаалап кетип баратабызбы, деген тагдыр маани маселе.

Азыркы дүйнөлөшүү заманында тышкы бузукулуктарга, зыяндуу таасирлерге туруштук берүүгө, элибиздин элдик нарк дөөлөттөрүн сактоого, муундан муунга мурастоого, кылымдар бою элибиз өсүп өнүгүп келген өзөккө кайрылып, кайрадан түбөлүктөшүүгө кайдыгерлик болуп аткан болсо, ал – кыргыз элине, кыргыз келечегине жасалган чыккынчылык.

Элибизди эл кылып сактап турган бул – Эне Тилибиз. Эне – улук. Эне – ыйык. Баарыбыз энеден туулганбыз. Кыргызга кыргыз тили – эне. Энени кордогон бала жакшылык көрбөйт.

Өз мезгилинде заманды, он сегиз миң ааламды, жакшы менен жаманды, аккан суу жан-жаныбар жаратылыш дүйнөнү түп көтөрө түгөл айтууларына түт келген төкмө акындык өнөр дүйнөсүн туя албай, касиеттүү Манас баяны баш болгон дастандарды, таамайлыгы теңдешсиз миң – миңдеген макал лакаптарды, учкул сөздөрдү, улама сөздөрдү жараткан эне тилибизди кордосок, кор тутсак, “өнөр алды – кызыл тил” делип кастарланган тилдин кадырына жете албасак, жетимсиретсек, оюбузду ойдогудай шыдыр айта албай, эки сөздүн бири орусчаланып, эне тилибиздин кунарын, кутун качырсак, элибизде эгерим жакшылык болбойт. Эне тилибиз аркылуу элибиз эл болуп өнүгөт, өсөт. Элибиздин эне тил кызыкчылыгы баарынан жогору. Сөз баккан элдигибизден ажырасак, көөдөнү көңдөй, көрүнгөнгө жем эл болуп тынабыз. Сөз алсыз болсо, эл – алсыз. Олуп – чолуп айтылса, омоктуу ойдон да кут качат. Татымы жоктун таасири жок. Тил башкалардын баарынан башкача мааниге ээ. Азырынча кое туралык дечү маселе эмес. Кечиккен сайын кеч болуп, өтүшүп, татаалдашып жүрүп олтурат. Тил – элдин жан дүйнөсү делип миң кайталанып айтылып келет. Бирок, кыргыздар калктын 74 пайызын түзгөн Кыргыз мамлекетинде дал ошол жан дүйнө жабыркап, жардам сурап, жетимсиреп жалдырап турат.

Эне тилинде таза, таамай, таасирдүү сүйлөй да, жаза да билүү – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигиндегилердин түздөн – түз кызматтык милдети. Алардын ар биринин иши эл менен байланыштуу. Андыктан тил алардын кызматкерлик жүзү, кимисинин ким экендигинин күзгүсү. Сыналгыдан, үналгыдан эне тилинде сабаттуу сүйлөөгө милдеткер. Ушундай сүйлөсө, боло берет турбайбы деп элге, жаш өспүрүмдөргө терс таасир этүүгө, кыргыз тилин кордоого акысы жок. Мамлекеттик тил мыйзамдык талап аларга кыя өтө алгыс зарылчылык. Тилекке каршы, аларда эне тил сабаттуулук нөл. Олуп – чолуп орусчалап кыргызчалап сүйлөп, элге шылдың болуп жүрүшөт. Кой, мунубуз уят деген сезим, түшүнүк жок. Эң өкүнүчтүүсү – аракет жок. Демек, аларда: “мен кыргыз уулумун, мен кыргыз кызымын” деген ар-намыс өлгөн. Элинин тилине кайдыгерликтин өзү алардын ар биринин ким экендигин, маданий мажүрөөлүгүн алаканга салгандай айтып туру.

Элибиздин эне тил кызыкчылыгы баарынан жогору, баарынан ыйык. Эгерде бүгүнкү кыргыздар байыркы бабаларыбыздан бери муундан муунга мурасталып келген улуу касиетибизден – сөз баккандык артыкчылыгыбыздан ажырап бараткандыгыбызды, эне тилибиз жагынан жан дүйнөбүз жабыркап аткандыгын этибарга албай, ага жатыгып, көнүгүп жүрүп олтурсак, ашмалтай абалдан арыла албасак, анда келечек жок, бозоргон боз туман бозчаңчыл абалдан чыга албайбыз. Айта билүү, уга билүү деген улуу касиет өчөт.

Түркияда түрк тилинин тарыхий тегинин, табитинин, табиятынын калыбына келтирилишине Мустафа Кемал Ататүрк кандай чечкиндуу чараларды көргөн болсо, республикабызда да ошондой иштер колго алынмайын азыркы өтүшүп кеткен абал оңуна келбейт.

Кыргыз элинин кыргыз тили, абалы, келечеги талкууга алынган Улуу Жыйын – Курултай жыйын ийине жеткире даярдалып, быйылкы жылдан калтырылбай, мүмкүн болушунча эртелеп өткөрүлүшү өтө зарыл. Биринчиден, ал элге дем берет, үмүт жаратат, маселенин мааниси даңазаланат, эл журт атынан чечим чыгарылат, издеп жүргөн идеологиянын туу чокусу туу болуп көтөрүлөт. Ал Жыйында наалыма сөздөр эмес, абалды ачыктаган, келечекти тастыктаган, элге эм, иштелчу иштерге дем, маселеге маани берчү жүйө, сунуш пикирлер айтылгыдай болсун. Наалыма сөздөн, кемеге башында кейиш сөздөрдөн эл тажап бүттү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин: “кыргыз тилин үйрөнүү балдар бакчасынан, мектептен башталсын, мектептер мамлекеттик тилдеги сапаттуу окуу китептер менен камсыз болсун” дегени маселеге маани бериле баштагандык десек болот. Бирок, мындай сөзгө эл бышыкулак болуп бүткөн.

Мамлекеттик жетекчилик жана катардагы кыргыз кызматкерлердин ар бирине, бардыгына эне тилинде таза, сабаттуу сүйлөөгө үйрөнүүгө катуу талап коюлушу керек, мамлекеттик башчы тарабынан. Ошондо баары тез эле оңуна келет.

Эне тилинде, мамлекеттик тилде жакшылыктуу сүйлөй албагандарды жактагандар, аларды мактагандар, даңазаландар болуп атат, сыналгы аркылуу. Мындай кайраштыруулар – ниети бузуктардын кылар иши. Алар- кыргыздар ушинтип оюндагысын айта албай онтолоп жүрө беришсин, дегендер.

Кыргыз тили, кыргыз сөзү бүгүнкү күндө – элди бириктирүүчү күч. Кыргыз эли тил, сөз алсыздыктан аксаган, алсыраган эл болбошу керек.

Комментариев: 2

туура

Автор: Айжамал, дата: Четверг сентября 5th, 2013 21:05. Reply #

Кыргызымдын ушундай чыгаан уул-кыздары кобойо берсин дейт элем.Кыргыздар оома калк келет экенбиз да орусча суйлосо орусча суйлоп,чет тилче суйлосо чет тилче суйлоп.Башка мамлекетке баргылачы алар да силерге кыргызча суйлойт бекен коросунор.Ойлонуп коргулочу биз орус тилин 2-тилибиз деп кабыл алганбыз,ал эми орустар 2-тилибиз деп кыргыз тилин кабыл алыштыбы.КЫРГЫЗДАР оз тилинерди унутпагыла.

Автор: Айгерим, дата: Среда декабря 25th, 2013 08:11. Reply #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.