Эмгек жолу

Орто мектептин бүткөндөн кийинки жети жылында чабан болуп, жайкысын Суусамыр, Курбу жайлоолорунда, кышкысын Кенес-Анархай  (Казакстанда) кыштоосунда иштеп, Айыл чарба институнда окуп, Ленин атындагы заводдо жумушчулукка кетип калганда, комсомолдун Борбордук Комитети тарабынан (азыркы Жайыл) районуна комсомолдук ишке жиберилген.

1964-1966-жылдар – комсомолдук кызматкер; Андан кийинки 15 жыл “Билим” коомунда окумуштуулар, адистер, интеллигенция өкүлдөрүнүн катышуусунда лекциялык пропагандалык иштерде иштеген. “Философия”, “Эл аралык турмуш”, “Оозеки сөз таасирдүүлүгү, анын методикасы” секцияларын тейлеп, ушул маселелер жаатында жыл сайын нечен ирет Москвада жана башка чоң шаарларда улам өткөрүлүп турчу усулдук, илимий-практикалык жыйындарга, симпозиумдарга катышып, чет өлкөлөрдө болуп, ошол кездеги идеологиялык иштерде кызмат өтөгөн.

“Сөз жөнүндө сөз”, “Кыргыз тили жана ага кайдыгерлер”, “Щеликенин макаласына жооп”, “Москва райондук гезиттеги ниети бузук макала жөнүндө” жана башка көптөгөн макалалары гезиттерге жарыяланган. “Мамлекеттик тил – жалпы улуттук дөөлөт” аттуу республикалык журналисттик калемгерлик сынакта теле-радио жана гезиттерге жарыяланган жүздөгөн макалалары башкы орунга арзыган. “Өзөк күч – өзүбүздө” деген макаласы “Улуттук идеология кандай болушу керек” деп “Кыргыз Туусу” уюштурган сынакта байгелүү үчүнчү орунга татыган.

Мамлекеттик тил комиссиясында, Терминкомдо  кызмат өтөгөн. Республикалык  гезиттердин биринде “Тил дүйнө” деген тиркемени ар бир санында жума сайын чыгарып турган.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси мене сыйланган.

1973 – жылдан 2003-жылга чейин теле-радиодо Тил, улуттар аралык мамиле, эл аралык турмуш маселелери боюнча штаттан тышкары, кийин штатка өтүп, 30 жыл комментатор болуп иштеген.

Кыргыз телеграф агенттигинде (азыркы “Кабар”) котормочу, Партиянын тарыхы институтунда улук илимий редактор болуп иштеп жүргөн кезинде тарыхий жана мемуардык маанидеги алты китепти кыргызчалаган.

“Билим” коомунда, партия тарыхында жана теле-радиодо  комментаторлук иште иштеп жүргөн кезиндеги: “Биримдик – башкы күч”, “Синцзяндагы абал”, “Кытайдагы абал жөнүндө”, “Кара кантиненттин каалоо тилеги”, “Кандуу саясат”, “Пуштундар аймагындагы баскынчылыктар”, “Диктаторго каршы жек көрүүчүлүк”, “Римдеги бурмалоолор жана чындык” жана башка, айрыкча кыргыз тил маселелери айтылган көп макалалары жана азыркы күндө да “Кыргыз эли – кыргыз сөзү – абал жана келечек” маанидеги ой, сунуш пикирлери жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулуктун назарында.

2015-жылы 20-майда 76 жашында узак оорудан каза болгон.

К.Сарымсаков тууралуу макалалар:

 

Жаштардын кубаттуу муунун тарбиялаган Кенжалы агай

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.