Сөз жөнүндө сөз

Автор: sarymsakov, March 9, 2013

“Дүйнөлүк тарыхтын” I томунун 36-бетинде: “Ой жүгүртүүнүн өсүшүн сөздүн өсүшүнө байланышсыз кароого мүмкүн эмес. Тил жана ой жүгүртүү эң башы-нан бери өз ара ажырагыз байла ныштуу жана өз ара таасирлеш. Тил ой жүгүртүүнүн натыйжаларын сактап, каттап, ой бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Мунсуз коомдук өндүрүш мүмкүн эмес жана коомдун өзү коом болуп жаралбайт. Ошентип, байыркы адамзат тарыхында, ошол кездеги (адамдарда акыл эс жарала баштаган мындан 40 миң жылдан кем эмес мезгил мурда) ой жүгүртүүнүн өнүгүшүндө тилдин эмне деген мааниге ээ болгондугу түшүнүктүү. Илим, билим, техника, маалыматтык технология өнүккөн азыркы XXI кылымда тили, сөзү заман зарылчылыктарына жараша өнүктүрүлбөгөн болсо, анда ал – ошол элдин шору.

Эмгек, анын түрлөрү өнүккөн сайын сөздүн турмуштук мааниси күч алып, ошонун негизинде тилдин алгачкы башталы шынын табигий түрдө өнүгүшүнө өбөлгө түзүлгөн, коомдук байланыштар түптөлгөн, адамдар ортосунда ой бөлүшүүнүн каражаты катары тилдин байытылышына, жакшырышына муктаждыктар келип чыккан” деп жазылып турат. Муктаждык, зарылчылык болмоюн кандай гана иш болбосун адамдар ага моюн сунбайт, айрыкча тил сыяктуу талуу маселеде.

Дүйнө жүзүндө эне тилине кайдагер эл жок, болушу мүмкүн эмес. Элдик тил аркылуу эл эл болуп сакталат, түбөлүктөлөт, өсөт, өнүгөт.

Сөз деген эмне? Сөз деген – үрөн. Аң сезимге себилген үрөн. Таамай, таасирдүү болсо сөзсүз өз түшүмүн берет, тура түшүнүктөр калыптанат, коомдук пикир оңуна келет, эл жаңыланат, мааниси жок майда сөздөр тыйылат, сөз жоопкерчилиги сезиле баштайт, орундуу сүйлөй албай курулай опурулгандар даабай калышат, сез-дейт, коом тазаланат.

Сөз баккан элбиз, дейбиз. Өткөн замандарда оозуна алы жетпегендерди чогулган эл: “Токтот сөзүңдү” деп дароо тыйып, андайлардын элде кадыры болгон эмес. Азыр андай болбой жатпайбы, ой тону козгоп опурулгандардын арааны ачылып.

Сөздүн күчү анын бүйүр кызытма айтылышында эмес, таамай жүйдө экендигине иш жүзүндөгү далилдер жетишерлик. Жакшылап талдоого алынбай, ойлонуштурулбай айтылган сөз – алсыз, пайдасыз, атүгүл зыяндуу.

Өлкөбүзгө, жер-жерлердеги абалга, учурга тийешелүү маселелер, мисалы, эл кызматындагылар, өзгөчө жетекчилер тарабынан жакшылап териштирилип, таасирдүү айта билүү жоопкерчилигине талап кату коюлса, аткарылса жана андан улам коомчулукта ойлонуулар, ой жүгүртүүлөр, тура түшүнүк алуулар кеңири тамыр жайса, далай маселелер оңуна келип, абал азыркыдан таптакыр башкача болот эле.

Баары сөз таасиринен башталат. Бул деген адамзатта акыл эс жаралгандан берки – тарыхий, табыгий чындык. Кайталабайын, сөз башында айтылды.

Сунуш: жергиликтүү жана республикалык тармактык жетекчилер, президенттик администрациядагы, өкмөттүн өзүндөгү, Жогорку Кеңештеги кызматкерлер, депутаттар, журналисттер, интеллигенция өкүлдөрү катыштырылып: “Сөз күчү – түбөлүк зарылчылык” делип пикир алышуу ыкмасында кеп – кенеш идеологиялык жыйын өткөрүлүп, ал элге, коомчулукка кандайдыр бир катуу таасир эткидей болсо.

Эл келечеги – жаштар. Сөз күчүнө, Сөз таасирине маани берип, макал – лакаптарды чечмелеп, абалды талдоого алып жакшы иштерди жасап аткан жаштарыбыз бар.

Мисалы “Ак шумкар КУТ” бирикмесинде “Ой борбор” деп уюштурулуп, студент, чыгармачыл жаштардын жумасына эки жолку өткөрүлчү ой бөлүшүү, талкуу ыкмасындагы сабактары алты жылдан бери улантылып келет. Ушундай өздүк демилгелүү иш аракеттер бир топ. “Дил”, “Ниет”, “Пейил”, “Көңүл”, “Ырыс”, “Кут” жана башка ушул сыяктуу сөздөрдүн турмуштук маани – мазмуну айтылып, бир катар айылдарда сабактар өткөрүлүүдө. Мындай демилгелер колдоого, талдоого алынып, тыянакталып, мамлететтик маани берилип, көңүл бурулуп турса, далай жылдардан бери “идеология” деп изделип жүргөн иштер ушинтип башталат эле.

Калкамбай Ашымбаев 80 жашка келди. Элибиздин элдик сөз өнөрүнүн өзгөчөлүү жактары ушул кишинин көөдөнүндө. Көп китеп жазды. Теледен, радиодон, жогорку окуу жайларында студент жаштарга айтар сөзүн айтып жүрөт. Гезит беттеринде жарык көргөн макалаларында маани терең. Бул кишинин аракетинин уюткулуу болушун көздөп, өзүнчө атайын мектеби уюштурулуп, ага кызыккан кыргыз жаштары тартылып, Калкамбай Ашымбаевдин окуучулары, шакирттери делингендердин калк арасында карааны калың болушуна жетише алсак, элибиздин сөз өнөрүнүн учтан түпкө улантылышында түпкүлүктүү иш болгону турат.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.