Биригүү тилектешиги – улуу күч

Автор: sarymsakov, August 30, 2012

Бурмаланбаган, бузукуланбаган чыныгы саясат – өнүгүүнүн өңүтүн таамайлаган акыл, адеп, дил, пейил тазалык, таасын ой, таамай жүйө, таасирдүү сөз, мыйзам ченемдүүлүктүү телегейи тегиз терең маани. Таза саясат негизинде экономика,маданият,коомдук пикир келечекке түздөлөт. Саясаттык жаңылыштык өлкөгө, элге зыян. Саясаттык түркөйлүк чыккынчылыктан ашып түшкөн кыйроолорго дуушар кылат.

Саясат бул – илим, талдоо, аныктоо, кандай гана маселе болбосун анын жөн-жайына болгон таамайлык, кыйчалыш карама-каршылыктарды болтурбоо, болуп калса жөнгө сала билген көсөмдүк, даанышмандык, кара кылды как жарган калыстык, көбүрүп-жабырган көчө сөз эмес. Саясат карапайымдалса калкка зыян. Саясат бул-бийлик башчыларына, адис саясатчыларга тийешелүү ыйык жоопкерчилик. Бул маселеде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өздөрүнө таандык өзгөчө орду бар.

Айрыкча эфир аркылуу, интернет аркылуу айтылган калпыс, жылымчы сөз коомго чачылган уу бойдон кала бериши мүмкүн.

Көптөгөн улут өкүлдөрү, өлкөбүздүн социалдык өзөгү болгон кыргыз эли менен чогуу жашап аткан кыргыз мамлекетиндеги улуттук саясаттын эң башкыларынын бири бул – өткөн кылымдын отузунчу жылдарынан бери айтылбаган чоло жери калбаган эне тилибиздин абалы, келечеги.

9-май күнү, мурдагыча айтканда бүткүл совет элинде улуу Жеңиш майрамы майрамдалды. Ошол алаамат согушта орус,кыргыз жана башкалар болуп эч ким болүнүп-жарылган эмес. Мекенди коргоо деген сезим баарын бир максатка бириктирген. Демек, азыркы алты миллионго жакын Кыргызстан эли эмес, жүздөгөн миллион совет эли текши максатташ болуп, фашисттик баскынчыларды жеңгендигинин өзүндө ар бирибизди ойлондура турган маани уюп турат. Маселен эгерде, элибиздин эне тил күйөрмандары гана эмес, республикабыздагы улут өкүлдөрүнүн ар бири жана бардыгы, тил жагынан кыргыздарга тилектеш максатташ бололу деген ниет негизинде, сексен жылдан ашык мезгил бою чечилбеген, жыл өткөн сайын жедеп өтүшүп бүткөн, мамлекеттик тил делип мыйзам кабыл алынса да мамлекеттик тил боло албай жаткан, өзүнүн “өнөр алды-кызыл тил” касиетинен ажырап бараткан, далай мамлекеттик кызматкерлердин өздөрү оюндагысын шыдыр айталбай эки сөздүн бирин орусчалап оңтологон кыргыз тилинин табыятына жат абалдан тазалануубузга жетишер элек. Бир тилектештик, бар максатташтык гана бардыгын жеңип чыгат, кандай гана маселе болбосун аны сөзсүз оңуна келтирет. Биригүү тилектештиги-улуу күч, уюткулуу идеология.

Өлкөбүздөгү улут саясатынын өзөгү, кааласак да каалабасак да, кандай болгон күндө да, түздөн түз кыргыз тил көйгөйлөрүнө барып такалат, жана ушул маселе оңуна келтирилип, ал кыргыз жана Кыргызстан элин бириктирүүчү идеологиялык мааниге ээ болгон шартта гана кыргыздарды дээрлик кылымга жакын мезгил бою кыйнап келаткан эне тил абалыбызда, жан дүйнөбүздө жакшылыктын жарыгы жанат.

Улуу муундун өкүлдөрү өмүрүн сайып, далайы окко учуп, советтик мекенин коргоп калышты. Бул өзү – тарыхий тубөлүк өрнөк. Биз ошол аталардын балдары катары бардык жагынан татыктуу бололу. Ар бир кыргыз баласы, республикабызда жашап аткан ар бир улут өкүлү, бардыгыбыз эгерим эсибизден чыгарбай турган эң башкы зарылчылык бул-биригүү тилектештиги.

05.2012-ж.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.