Кыргыз тилинин табияты — 4

Автор: sarymsakov, Август 30, 2012

Элибиздин эне тил табияты деп өткөндө, адамдардын жүрүм – турум  кулк – мүнөздөрүн сыпаттаган сөздөргө токтолгон элек. Андай сыпаттоолор абдан көп. Баарын айтууга үлгүрбөдүк.Кээ бирөөлөрү кем айтылды эле. Учугун улайлы. Кыргыздын тил табиятын өзгөчөлөгөн жана өткөндө жакшылыктуу айтылбай калган сөздөр: Кенебес; Энөө; Момун; Оорбасырык; Иленди; Жалкоо; Аңкоо; Байоо; Чалагайым. Ушул сөздөрдө өзара маанилештик жактары да, ички өзгөчөлөнгөн маанилери да жана ар биринин колдонула турган өз орду бар.

Кенебес; Энөө; Момун.Бул үч сөз маанилештик жагынан кандайдыр бир деңгээлде чектешип турганы менен, колдоно келгенде ар биринин өз орду бар. Мисалы, Кенебес деп кандай адамды айтат. Бул өзү кээ бир адамдардын табиятына бүткөн касиет. Барды, жокту, оорчулуктарды өзүндөгү табияттык негизде көтөрө билген адам. Адам атайылап кенебес боло албайт. Атайылап кенебес болуу – өнүккөн аң – сезимдик негизде жетилиши мүмкүн. Кайсы бир аалымдын айканы барго: “ызырынба, ыйлактаба, түшүн” деп. Ошол сыяктуу; Энөө. Бул дагы адамдын өзүнүн табиятынан боло турган кулк – мүнөз. Энөө болоюн деп эч ким аракеттенбейт. Бул өзү кемчилик. Кенебес адам, Энөө адам, экөө бирдей эмес. Ал эми Момун, бул дагы кээ бир адамдардын табияты. Атаыйлап момун боло албайт. Энөө адам кор болуп калышы мүмкүн. А момун адам коомчулук жакшы чөйрөдө сыйлуу болушу мүмкүн.

Көк; Өжөр; Чыйрак. Көк жана Өжөр. Бир карганда бирдей, бирок айырмасы: мисалы көк адамдын жүрүм – турумунда орундуулук жок. Көгөрүп отуруп алат. А Өжөрлүк – күрөшчүл адамдагы кулк – мүнөз. Эржүрөккө тете. А чыйрак деген бул – оокатка бүйрөлүк…

Иленди; Жалкоо; Байоо; Аңкоо; Жалтаң. Иленди менен Жалкоо – экөө тең оокаттан кыйналууга негиз. Бул экөө негизинен табиятынан эмес, тарбиядан. Ал эми Байоо жана Аңкоо табиятынан. Жалтаң – тарбиядан, ар кандай катуу таасирлерден…

Көржеме; Чыр; Кепжебес. Үчөө тең коомго, чөйрөгө зыяндуу. Көржеме адам жетекчи болуп калса, ал жерде иштегендердин шору.Адам чыр болсо, ал – өз башына. Кепжебестер көбөйүп кетсе коом бузулат.

Ач көз; Куу; Арамза; Зулум; Зөөкүр. Ушул сөздөр менен сыпаталган  адамдардан элге, коомго жакшылык жок. Мындай адамдар кайдан келип чыгат? Көргөн – өскөнү жаман, тарбиясыз адамдар.

Өзүмчүл; Дүнүйөкөр; Шылуун. Ушул жерде кеп учугунан окчунураак барып, маселенин жөнжайын ошол жактан баштап чечмелеп көрсөк, тереңирээк айтылчуудай.

Көп кылым мурда, 1700 – жылдарда Батышта: “Өзүмчүлдүк бул – адам баласындагы табигий сапат жана коомдун өнүгүшүнө өбөлгө. Ар бир адам өз кызыкчылыгын көздөйт жана ал, башкалардын да ошондой кызыкчылык иш – аракеттери менен чектелип турат. Бул өзү – бүткүл дүйнөлүк ааламдык тартылуу сыяктуу нерсе” делип, ушул түшүнүк ошол кезден баштап адамдардын аң – сезимине, оокат – тирлигине тамыр жайган. Адам Смит деген неме “Экономикалык адам” деп аны ого бетер күчөткөн. Ошентип Өзүмчүлүк, Дүнүйөкорлук, Шылуунчулук күч алган. Кыргыз элине бул жат нерсе… А Батышта мисалы, бизнес дүйнөсүндө көңүл, ыйман – ызаат, кудайды карасаң боло деген сыяктуу сөздөр айтылса, ал адепсездик катары кабыл алынат. Ошентип Өзүмчүлдүк, Дүнүйөкорлук, Шылуунчулук аларда – жашоонун өзү. Бизде да ошондой болсунбу же жокпу? Маселе дал ушунда. Өзүмчүл, дүнүйөкор, шылуун – билермандык, жигитчилик, табышкерлик катары мааниге ооп бараткан сыяктуу абал келип чыгууда.

Билерман; Табышкер; Жигит. Бул деген – элибиздин эне тилинин табиятындагы адам баласындагы асылдык сыпатталган эң таамай сөздөр. Бул үч сөздүн өзүмчүлдүк, дүнүйөкорлук, шылуунчулук менен айкалышкан абалга ооп бараткандыгы – өтө зыяндуу.

Ачкөз; Сугалак; Сараң. Ачка – тоюнат, ачкөз тойбойт. Сугалактык менен сараңдык да негизинен кээ бир адамдын табиятынан болот, айрыкча сугалактык. Коомго, айлана чөйрөгө зыяндуу, тескери таасирлүү.

Кара кылды как жарган калыскөй; Даанышман; Акылман; Көсөм; Кеменгер; Жөнбилги; Ишбилги; Сыпаа; Сылык; Көңүлүндө кири жок; Ак ниет; Дили таза; Кең пейил; Бир сырдуу; Оорбасырыктуу; Эржүрөк, Элжүрөк, Кадырга жете билген. Дагы далай сөздөр бар, элибиздин эне тилинин табиятын даңазалаган.

Көл тараптан чыккан айтылдуу тарихий инсандар – Акелер атайын китеп болуп чыгарылганы – абдан жакшы иш, билгендерге анык тарбиялык таасир. Бир мисал: Доскулу уулу Сарт Аке сынчы, табып, көсөм, даанышман, озунуп сөз сүйлөбөгөн, бирөөлөрдүн кадырына шек келтирбеген, шагын сындырбаган, сөздүн көзүн таап уютуп, муютуп, жибитип, ошол эле учурда курч, таамай айта билген эл кишилеринин бири болгон экен.

Мураталы бий Сарт Акеге “ Кээде баланча адам нурдуу адам эле, жүзүнөн нур чачырап турар эле деп калабыз. Бу адам нуру дегенди кандай түшүнсө болот” деп калат.

Анда Сарт Аке: “Нурду күн да, ай да, жылдыз да, адам да төгөт. Нурсуз, жарыксыз жашоо жок. Нурдан кубат албаган, өмүр улабаган Жан жок. Нур чачкан ай, жылдыз түндүн көркү. Ай, күн, жылдыз баары Ааламдын көркү. Адам да нур төгөт. Нурунан көөрү төгүлгөн адамдар болот (көөр – алтын, күмүштөй жарык чачкан). Алар жакшылыкка жараган жайдары, адөөлөт адамдар (адөөлөт – адилеттүү) адамдар. Мындай адамдар жашоонун көркү. Алардын жүрөгү толо мээрим, жандүйнөсү толо адамгерчилик, жумуру башы толо акыл, көмөкөйү толо асыл сөз. Мындай адамдар – жарык нурдуу адамдар. Алар пейили, акылы, мээрими, асыл сөзү менен адамдарга жакшылык тартуулайт. Адамдан чыккан нурду адам көзү менен көрө албайт. Аны туюму күчтүүлөр акылы, жүрөк сезими аркылуу сезет, туят. Адам нуру адамдарды жакындаштырат, ымалаштырат, бириктирет, сырдаштырат” деген экен.

Нурдуу, жылдыздуу, жылдызы жарык, деген түшүнүктү, кыргыз тилинин табиятындагы сөз элестүүлүгүн Сарт Аке ушундайча чечмелеген тура.

Элибиздин эне тилинин табиятын, анын өзгөчөлүгүн биле жүрүү керекпи? Албетте абдан керек. Адам таануу, кимдин ким экендигин аныктап айтуу аркылуу адамдарга карата пикир түзүлөт. Эгерде ушул кулк – мүнөз сапаттар айтылган толгон – токой сөздөр улам кийинки муундарда четинен унутта кала берсе Эмне деген эл болобуз?…

Суроого жооп катары бир мисал. 1940 – жылдар. Тестиер бала кезим. Советтик армия жеңе баштап, согуш аякталып бараткан кез. Ушакчыны, ууруну, сөздү бөлүп жыра талашканды эл жек көрөр эле. Жоон топ баарлашып олтургандарды көздөй ушакчы атыккан адам келатса, тургула, тигил келатат деп тарап кетишчү. Уурулук кылган адамды, жүзү курусун ал ууру деп жек көрүшчү. Бирөөлөр сүйлөп атканда сөзүн бөлүп жула качканды адепсиз деп абдан жек көрүшчү. А азыр эмне болуп атат? Ушакчы, ууру, сөздү жыра талашкандык, үчөө тең эч кандай эрен – төрөнү жок абалда… А түгүл үч сөздүн үчөө тең колдонулбай калды…

Ниет, дейбиз. Ниети таза, ниети бузук, кара ниет, ак ниет, ниетиңди бузба деп айтылат. Мунун баары айтылбай да, этибарга алынбай да баратат.

Дил. Дили таза, дилинде кири жок, дил төшөп. Дили таза табиятынан таза адам.

Дээр. Дээри күчтүү, дээринде жок. Дээр бул — тигил же бул адамдын табияты. Дээринде жок бул – түңүлгөндүк.

Пейил. Пейили жакшы, пейили кең, кең пейил, пейили тар, у пейлиңден тапкыр, акыры пейлиңден табасың. Пейил маселесин айта берсек өзүнчө узун сабак сөз.

Көңүл. Адамдын көңүлү – гүл. Көңүлүн калтырба, шагын сындырба. Азыр көңүл тебеленген заман… Чын – чынына келгенде бизнесиңен баштап, кызмат иш – аракеттердин бардыгында көңүл… Көңүлчөөк, мээримдүүлүк, кайрымдуулук… мерес, кырс, эч кимге жакшылык каалабаган…

Насип. Насип буйруп, насип кылып, насип – буйруган оокат.

Ырыскы. Ырыс кесер, ырыскың бар экен, ырыскыңды качырба. Кыргыз элинин ырыскысы: Ысык – Көл, Арсланбап токойлору, тоо койнундагы миңдеген малтүр кашка тунук булак суулар, тоо ылдый күркүрөп аккан өзөн суулар, көркөмү көз жоосун алган жайлоолор. Баары, баары табияттын өзүнөн тартууланган кыргыз элдик ырыскы. Маселе ошолордун убайын көрө билүүдө, бөтөндөргө жем кылбай.

Кийинки бир нече жылдардан бери элибиздин эне тил табиятын тилчилер эмес, эмнегедир башка кесиптегилер, кыргыз тарыхына жаны ачып, тарыхчыларга караганда башка кесиптегилер көбүрөөк маселе көтөрүп атышат. Бул өзү бир четинен, мыйзам ченемдүүлүк болсо керек, деген да ой келет экен. Анткени кесиптин өзүндөгүлөр, адистер кандайдыр бир чектелген абалда болуп калат окшобойбу. Дегиңкиси ойлонуштуруучу жагдай болсо керек, мунун өзү.

Кыргыздын тил табиятындагы көп өзгөчөлүктөрдүн бири – кыргыз сөздөрүнүн 78 пайызы бир муундуу экендиги айтылып жүрөт. Мисалы: күн, ай, жер, суу, тоо, кыр, сый, жар, зоо, таш, жаз, жай, күз, кыш, көл, муз, кар, ак, көк, бак, чөп, гүл, от, күл, сыз, сүт, дан, май, ун, нан, баш, таш, көз, чач, жан, кан, тиш, тил, ич, сан, бут, кол, ук, ич, кач, чап, кет, бар, кел, тур, жет, жат, жут, эл, ат, кой, тай, уй, үй, бөк, чик, таа, көө, ал, бер, күт жана башкалар. Ушулардан улам, элибиздин эне тилинин табияты дегенде, дал ушул бир муундуулуктар 78 пайыз болгондуктан улам, анын эң байыркылыгы деген маани келип чыгат окшобойбу.

Заман кандай гана өзгөрүлбөсүн эне тилибиздин табияты көздүн карегиндей сакталбаса, көп нерсе көңүл сыртында кала берип, ар нерсе таамай бааланбай, түшүнүктөрдүн өзү чаржайытталып олтуруп, баары ашмалтай болуп калышы мүмкүн.

Один комментарий

«Жаназык» — \\ эне тилинин табияты\\ — деген сабак
өтө маанилүу жана пайдалуу … рахмат!

Автор: Сагын Исмаилова, дата: Четверг Сентябрь 6th, 2012 16:45. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.