Өмүрлүк дос жана душман тууралуу

Автор: sarymsakov, апреля 2, 2013

Ар адамдын өмүрлүк досу ким?

Өмүрлүк өжөр душманы ким?

–         Ар адамдын өмүрлүк досу – сабыр, душманы – ачуу.

Адам адам болуп…

Автор: sarymsakov, марта 29, 2013

Адам адам болуп, акыл – эс заманы башталгандан берки аң – сезимдик өнүгүүнүн өзөгү – ой жана сөз. Сөздү сөз, ойду ой козгойт.

Айткан сөзүң – ал сенин өзүн. Сөз – ички дүйнөнүн күзгүсү. Дили тазанын сөзүндө амалкөйлүк болбойт. Ак пейил адамдар ар нерсени болгонун болгондой ачык айтат. Арамзанын сөзү да арамза.дили бузуктун сөзү да бузук. Бузукулук сөз жаман. Элге, коомго зыян. Ички дүйнө, түшүнүктөр кандай болсо, ар бир адамдын иш ийгилиги, күткөн чөйрөсү, жакшылыгы, жамандыгы жана башкаларынын баары ошого жараша болот. Тирүүлүктөгү дагы бир эң башкы маселенин маселеси бул – чындык. Чындык жок жерде эч убакта адилеттик болбойт. Чындык тебелеген коомдо жошоонун өзү – азап.

Элибиздин эл келечеги – эне тилинде

Автор: sarymsakov, марта 26, 2013

Сөзү алсыз болсо, ал элдин өзү алсыз болбой койбойт. “Олуп – чолуп айтылса, омоктуу ойдон да кут качат”. Сөз бул – жан дүйнөгө себилген үрөн. Сапаттуу болсо – таасири таамай. Сапатсыз болсо – курулай ооздун жели. А бул деген демек, мамлекеттик,жалпы элдик маанидеги маселе.

Өз өлкөбүздө өз тилибиздин кадырына жете албасак, өзөк соолуп, өзгөлөргө жем болобуз. Кыргыздын кыргыз келечегине эне тилибиз аркылуу гана түздөнө алабыз. Телеберүүлөрдүн биринде: “Бишкек менин бир тууган шаарым”, “Бишкек, мен сени сүйөм” деп жарыша айтып жар салып, улам кайталанып атты. Мунун өзү – эне тилибизге жасалган эси жоктук. Мындай мисалдар, мындан да ашкан сабатсыздыктар, эки сөздүн бири орусчаланган учурлар толтура.Көнүмүш адатка айланып баратат.

Толугу менен

Эне тилибиз – башкы маселе

Автор: sarymsakov, марта 19, 2013

Этегибизде эрмешип, жакабызга жармашып жан жабыркаткан башкы маселе бул – биз, кыргыздар эмне деген элбиз, азыркы абалыбыз түпкү тегибизге төп келип турабы же тамырыбыздан, өзөгүбуздөн, өсөр багытыбыздан адашып, келечегибизге түздөнө албай талаалап кетип баратабызбы, деген тагдыр маани маселе.

Азыркы дүйнөлөшүү заманында тышкы бузукулуктарга, зыяндуу таасирлерге туруштук берүүгө, элибиздин элдик нарк дөөлөттөрүн сактоого, муундан муунга мурастоого, кылымдар бою элибиз өсүп өнүгүп келген өзөккө кайрылып, кайрадан түбөлүктөшүүгө кайдыгерлик болуп аткан болсо, ал – кыргыз элине, кыргыз келечегине жасалган чыккынчылык.

Толугу менен

Дагы бир жолу сөз жөнүндө сөз

Автор: sarymsakov, марта 12, 2013

Эмне көп, азан – казан жыйын көп. Бүйүр кызытма сөздөр көп. Арасында жүйөлүү айтылгандарын, сунуш пикирлерди иргеп, эске алып, ойлонуштурган эч ким жок. Жыйынды башкаргандар, азыркыча айтылып жүргөндөй, алып баруучулар жакшылыктуу тескей алышпай, жыйын кайым айтыш чыр – чатакка айланган учурлар көп.

Көбүрүп – жабырган көчө кыйкырыктарды “көчө демократиясы” деп жүрүшөт. Бул деген – демократиянын маани – маңызын бурмалангандык, коомдук пикирдин, түшүнүктөрдүн туура калыптанышына, келечекке түздөлүшүнө, аң – сезимге, элибиздин элдик нарк дөөлөттөрүнө зыян келтиргендик, сөздүн орундуулугуна маани бербегендик.

Толугу менен

Сөз жөнүндө сөз

Автор: sarymsakov, марта 9, 2013

“Дүйнөлүк тарыхтын” I томунун 36-бетинде: “Ой жүгүртүүнүн өсүшүн сөздүн өсүшүнө байланышсыз кароого мүмкүн эмес. Тил жана ой жүгүртүү эң башы-нан бери өз ара ажырагыз байла ныштуу жана өз ара таасирлеш. Тил ой жүгүртүүнүн натыйжаларын сактап, каттап, ой бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Мунсуз коомдук өндүрүш мүмкүн эмес жана коомдун өзү коом болуп жаралбайт. Ошентип, байыркы адамзат тарыхында, ошол кездеги (адамдарда акыл эс жарала баштаган мындан 40 миң жылдан кем эмес мезгил мурда) ой жүгүртүүнүн өнүгүшүндө тилдин эмне деген мааниге ээ болгондугу түшүнүктүү. Илим, билим, техника, маалыматтык технология өнүккөн азыркы XXI кылымда тили, сөзү заман зарылчылыктарына жараша өнүктүрүлбөгөн болсо, анда ал – ошол элдин шору.

Толугу менен

Кыргыздын эне тил табияты

Автор: sarymsakov, января 1, 2013

Улуу муундагылар кимдер, кай курактагылар дегенде өткөн замандын, азыркы жашоо турмуштун өйдө-төмөн жактарын көргөн-билген, жетимишти ортолоп калган өз курагымдагылар жөнүндө айтканым жөндүү болор.

Заман-заманга тогошуп, оокат тириликтин өзөгү өзгөрүлүп атканы – тарыхий мыйзам ченемдүүлүк окшобойбу. Ондогон жылдар бою советтер союзу болуп жашадык. Тарыхты, чындыкты тана албайбыз, мүмкүн эмес. Ал кезде Ленин, Фрунзе атындагы заводдор, өлкөбүздүн түндүгүндө да, түштүгүндө да далай ири ишканалар иштеп, дыйканчылык өнүгүп, ирригация, мелиорация, жердин күрдүүлүгү, которуштуруп айдоо көздүн карегиндей сакталып, уяң жүндүү койдун саны 11 миллионго жетип жумушсуздук деген эмне экендигин эл билчү эмес. Алыскы кыштоолордо, кой, сүт товар фермаларынын бардыгында электр жарыгы жаркырап жанып турчу, ал кезде. Азыркыдай жалп этип өчүп калган, өчүрүп салган учурлар болчу эмес. Азыркы Өкмөт үйү, Тарых, Сүрөт музейлери, миңдеген адамдарга оокат очогу – Ош базары жана башкалар ошол кезде курулган. Турдакун Усубалиевдин, Апсамат Масалиевдин уюштуруучулук жетекчилик опол жоодой эмгегин тануу, жокко чыгаруу эч кимдин колунан келбес жана антүүгө аракет кылуунун өзү – барып турган адепсиздик, пастык, тайкылык болуп калат.

Толугу менен

Кенжаалы САРЫМСАКОВ, журналист, тил жаатында 40 жыл ТВде иштеген: «Мени айтчы, мени айтчы» деп сөздөр сагаалайт

Автор: sarymsakov, сентября 18, 2012

– Эми саясатчылардын аты-жөндөрүн айта албайм, жетимишке чыккан карыямын да. Жалпылап эле айтайын. Мынабу, элдин жетекчиси катарында кабылданган адамдар ар дайым так сүйлөбөсө, өтө зыяндуу. Кыргыз тилинин кутун качырган сөздөр күчөп колдонулуп атат. Мисалы, «четке кагып»  дешет, отрицает дегенди, туура эмес которушкан. Кактырбай эле башка сөздөр колдонсо. «Толук кандуу» деген сөз, биртоп болду, ушунчалык жайылып кетти, кыргыздар «кан» кошуп сүйлөгөн эмес. Анан «таанышып алыңыздар» дешет, кабардар болуңуздар, билип коюңуздар деген сөз так, даана турат, сагаалап, «мени айтчы, мени айтчы» деп, бирок ошого карабай «таанышып алыңыздар» эле дей беришет. Дагы бир сөз  «бутуна туруп» дегенди айтышат, башка деле кыргыздин сөзү толуп атат да.  Эми кийинки кезде, эки үч айдай болду го, мынабу депутаттардан башталды деп байкап калдым, «мен ойлойм» деген сөз эл оозунда ушундай чагылгандай тарап баратат. Эки сөзүнүн бири эле «мен ойлойм». Анан дагы бир сөз бар, мынабу жыйындарда «уруксат этиңиздер, уруксат этиңиздер» дешет. Жөн эле айта бериш керек да. Ушунчалык көп колдонушат. Кыргыз тилинин өзөгүнө тим эле бир балта чаап атышат. «Баланчага сөз берүүгө уруксат бериңиздер» дешет. «Чакырууга уруксат этиңиздер» дешип… Ой ушу уруксат сурап отурбай эле айта бербейби. Бул майда барат деле эмес, бара-бара тилдин кутун качыра турган нерселер.

«24.KG» МАнын кыргызча баракчасы жүргүзгөн
“Тил маданиятына келгенде,
кайсы саясатчы көп алешемдик кетирет?
”,
деген темадагы сурамжылоого жооптордон.

Сурамжылоого жооптор толугу менен бул жердеhttp://kyr.24.kg/koom/til-madaniyaty-na-kelgende-kajsy-sayasatchy-ko-p-aleshemdik-ketiret

Кыргыз тилинин табияты – 4

Автор: sarymsakov, августа 30, 2012

Элибиздин эне тил табияты деп өткөндө, адамдардын жүрүм – турум  кулк – мүнөздөрүн сыпаттаган сөздөргө токтолгон элек. Андай сыпаттоолор абдан көп. Баарын айтууга үлгүрбөдүк.Кээ бирөөлөрү кем айтылды эле. Учугун улайлы. Кыргыздын тил табиятын өзгөчөлөгөн жана өткөндө жакшылыктуу айтылбай калган сөздөр: Кенебес; Энөө; Момун; Оорбасырык; Иленди; Жалкоо; Аңкоо; Байоо; Чалагайым. Ушул сөздөрдө өзара маанилештик жактары да, ички өзгөчөлөнгөн маанилери да жана ар биринин колдонула турган өз орду бар.

Толугу менен

Биригүү тилектешиги – улуу күч

Автор: sarymsakov, августа 30, 2012

Бурмаланбаган, бузукуланбаган чыныгы саясат – өнүгүүнүн өңүтүн таамайлаган акыл, адеп, дил, пейил тазалык, таасын ой, таамай жүйө, таасирдүү сөз, мыйзам ченемдүүлүктүү телегейи тегиз терең маани. Таза саясат негизинде экономика,маданият,коомдук пикир келечекке түздөлөт. Саясаттык жаңылыштык өлкөгө, элге зыян. Саясаттык түркөйлүк чыккынчылыктан ашып түшкөн кыйроолорго дуушар кылат.

Толугу менен