Улуттун улут келечеги намыскөйлүктө

Автор: sarymsakov, мая 30, 2014

“Адамдын ойлонуусу, адам баласындагы интеллект – ой жүгүртүүнүн, анын натыйжаларынын сөзгө айландырылышы” (А. Леонтьев. “Язык и разум человека”). Дудуктардын кол жаңсоолору сүйлөшкөнү гана эмес, кээде өзүнчө олтуруп ойлонгондо да ошентишет, кээ бир адамдар үнүн чыгарып ойлонгон сыяктуу. Бир дудукка иш сунушталат. Ойлонуп көрөйүн деп жанаша бөлмөгө кирип кетет. Атайы шыкаалап караса, өзү менен өзү сүйлөшүп аткансып, колдорун жаңсап аткан экен. Дагы бирөөсү: “Өзүмчө ойлонуп жатканда манжаларым кошо кыймылдап аткандай сезем”, – дептир. Ой менен сөз айкалышмайын – бири кем. Сөз кайдан жаралат? Дүйнөдө канча эл болсо, сөз жагынан алардын ар биринде өздөрүнө таандык өзгөчөлүк жактары болот. Мисалы: немистерде, корейлерде, жапандарда “көк жана жашыл” деген эки сөз өз-өзүнчө эмес, бир эле аталышта айтылат. Индеецтердин кайсы бир хопи деген уруусунда канаттуулардан башка учкандардын баары: коңуз, учак, учкуч, жарганат жана башкалар, африкалыктардагы суахили тилинде: паравоз, поезд, автомобиль, вагон, араба, кол араба, велосипед жана башка дагы бир катар ушулар сыяктуулардын баары бир гана сөз менен айтылса, Океания тараптагы меланезий тилдеринин биринде банандын жүз түрү жүз сөз менен, Кольский жарым аралындагы саами элдеринин тилинде музду түшүндүргөн 20, абанын муздактыгы айтылган 11, кычыраган суукка жана эрий баштаган учурга карата колдонулган 26 сөз бар экен. АКШдагы индеецтердин навахо уруусунда биздегидей шекер деген сөз жок, туз деген маанидегиси бар, ошондон улам алар таттууну “таттуу туз” дешет. Жуманын жети күнүнүн өз-өзүнчө атоолору жок, бир гана жекшемби түшүнүгү айтылган сөз болгондуктан, биринчи күндү “жекшембиден кийинки”, ишембини “жекшембинин алды жагындагы” деген тартипте жети күндүн ар бирин айта беришет. Башка элдердин баарынан өгөчөлөнүп буларда сөгүнүч сөз жок, Индиядагы хунза уруусуна окшоп, кооздуктарга абдан сезимтал. Бир эле кызыл деген түстүн 122 аталышы бар, мисалы биздеги: кызыл, кызгылжым, кызыл-күрөң, кочкул-кызыл, мала-кызыл, чоктой кызыл ж. б. сыяктуу. Баш-аягы 100 миңге жакын эл автомобилден баштап кибернетикага чейинкилердин баарын өз тилин­де атап алышкан. Өз тилинде гезит чыгарышат. Коллеждерде сабактар өз тилинде өткөрүлөт, сөздөрү абдан элестүү. Сыр катып сүйлөгөнгө маш. Ар дайым табияттагы нерселерге карата айткан жактары өтө өнүккөн (Альбертас Лауринчюкас. “Ковбои истерии и торжества разума”).

Эми өзүбүздүн эне тилибизге келели. Тоодо туулуп, тоодо толук өскөн элбиз да. Too арасын туюнткан сөз көп: Улуу тоо, Керемет тоо, Алатоо, Бөксө тоо, Аска тоо, күнгөй, тескей, чоку, тайпыз, кайкы, ашуубел, ашуу, курбу, кыр, жон, көк жайык, капчыгай, өрөөн, жалама зоо, өндүр, се­ки, коо, кыркабел, тоо этеги, бетегелүү төр, жайлоо, кыштоо ж. б. Анан мал киндиктүү элбиз да. Ар биринин аталышы өзүн­чө: кулун, жабагы, тай, кунан, бышты, асый, сары таман ат, сары карын бээ, музоо, моюнча, торпок, тай торпок, кунаажын, ноопас, асый, өгүз, бука, шаамүйүз. Таза ойдун таамай сөз таасири – адам турмушундагы улуу күч. Бул деген – бүткүл адамзат тирилигиндеги маани. Америка Кошмо Штаттарында, мисалы, отуз сүйлөмдөн турган түшүнүктөрдү маа­ни-мазмунун бузбай он беш сүйлөм менен баяндайсыңар деп мөөнөт берип машыктырма сабактар өткөрүлөт. Республикабыздын окуу жайларында да ушул ыкма колдонулуп, келечек адистер, келечектеги кызматкерлер мамлекеттик тилде кыска, таамай, так жаза жана сүйлөй билүүгө үйрөтүлсө, өлкөбүздө тил маселеси терең жана бир жаңсыл чечилет эле. Америка элинде сөздү кыска, так, таасирдүү айта билүү сабактары эмгек жааматтарында да өткөрүлүп турат экен. Кээ бирөөлөрү ушул жагынан өздөрүн өздөрү сынап көрүү, дасыккандары коомдук, жалпы элдик көңүл бурдуруу максатында үйүнүн көчө тараптагы балконуна туруп алып тиги же бул маселени айта баштаганда, ары-бери агылган эл токтой калып угуп, нечен жүздөгөн кишилер чогулган окуялар көп эле болот экен. Сөз кудуретине, сөз таасирине америкалыктардын мына ушундай маани берип аткандыктары жөндөн жөн эле келип чыккан эместир. Бул деген – элдин өнүгүүсүнүн өзөгүндөгү иш.

Кыргыздар бул жагынан кандай абалда? “Көтөрүлүп келе жаткан ай жарыгы күнгөйү ала көлөкөлөп калганда тоонун тескейинде капталдай бастырган. Түлкү баатыр үрүң-бараңдап ууру келатты” деген сүрөтгөмө сүйлөмдү “Көп жыл мурда кат-сабатсыз сөзмөр Шооке акеден эшиткем”, – деп айтканы бар сөздүн улуу устаты Түгөлбай Сыдыкбековдун. Окуп алган билими ашып-ташыган ака­демик кыргыздар Шооке акечелик сүйлөй алышабы дейт.

– Жок. Эмнеликтен?

Илим, билим, иш чөйрө орус тилине оодарылып, Кыргыз Республикасында кыргыз тили алтымыш жылдан ашык мезгил бою кайдыгерлик чеңгелинде чайналып, кодуланып кор бо­луп, эси жок балдары энесин кароосуз калтыргандай абалда болду. Кыргыздар кыргыз тилинин, кыргыз сөзүнүн кадырына жете албай келатканыбызды моюнга алып, абалдан чыгуунун аракетин жасаганыбыз оң болор. Болгондо да ар бир кыргыз, ар бир ата-эне, паспортунда кыргыз деп жазылгандардын, кыргыз болуп төрөлгөндөрдүн баары. Үйдө, көчөдө, коомдук жайларда, парламентте, Ак үйдө, Көк үйдө, дүкөндө, жүргүнчүлүк унааларда баратканда, телефондо жана башка жерлердин бардыгында кыргыз ме­нен кыргызча сүйлөшөлү, эки сөздүн бирин орусча айтуудан арылууга, бабабыз Манас тилин ыйык, таза тутууга ар бирибиз ичибизден ант берели! Эл, улут катары өзүбүз аракет кылалы. Биздеги бийлик ээлери чечкиндүү ча­ра көрүүгө бара албайт окшойт. Мамлекеттик тилди расмий тил менен тирештирип койду. Мурдагы СССР курамындагы республикалардын бири да анткен жок. Өз алдынча өлкө болгону украин эли эне тил маселесин, тил саясатын биржаңсыл оңуна келтирип алышты. Кызмат учурунда бирөөлөр орус тилин колдонсо, административдик жаза тартат, мыйзамдык негизде Балтика жээгиндегилердин жагдайы, Кавказ тараптарда кандай, жалпыга жакшы маалым. Эне тилин эл өзү коргойт. Өзбек, казак, түркмөн, тажик элдеринде да маселе оңунда. Бир гана Кыргызстанда кыргыз тили ондогон жылдар бою кароосуз калган карыя кейпинде болуп келди. Соңку эки жыл аралыгында гана Республика Президентине караштуу Мамлекетгик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан маселе колго алынып, элдин өзү тараптан да тилибизди өнүктүрөлү, сөз кудуретин сактайлы деген аракеттер болуп, абал аз-аздап оңуна келе баш­тады. Өткөн кылымдын 70-чи жылдары СССР элдеринин тарыхында адамга, коомдун өнүгүшүнө сөз күчүнүн таасири жөнүндө Москвада эң алгач ирет он күндүк атайын жыйын өткөрүлүп, Борбордук Комитеттен Курсан Пратов” экөөбүз катыштык. Ар бир күнгө өз-өзүнчө маселе коюлуп, сүйлөйм дегендерге 5 мүнөттөн убакыт берилди. Ашып баратса микрофонду өчүрүп таштамай. Үчүнчү күн дегенде: атайы келип, чогулган элге бирөөлөр сүйлөп жатат дейли. Ошол айтылып жаткан сөздүн угуп жаткандарга таасирдүүлүгүн кантип аныктоого болот? Кана, кимде кандай пикир, – дешти. Эгерде кайра-кайра кол чабылып турса, мунун өзү-таасири болуп аткандыктын белгиси, – деди бирөөлөрү. Дагы бирөөлөрү айтты: Сөз бүткөн соң, эл дароо тарап кетпей суроо берилип улантылса, бул да бекеринен эмес, – деп, барып-келип түнкү натыйжа өндүрүштүк көрсөткүчгөр болуш керек, – дегендер да болду. Бүткүл союздук “Билим” коомунун оозеки сөз методи­ка секциясынын төрагасы, Москвадагы Ломоносов атындагы мамлекетгик университеттин кафедра башчысы, профессор Момжан Феликс Никшанович: “Дайте мне положенный пять ми­нут”, – деп сөз кезегин алып: “Жашыраак кезим, Арменияда Илимдер академиясынын окумуштуу катчысымын, академик Иосиф Абгорович Обрели – президент. Эл алдына чыгып сүйлөгөнү баратканда жүрү деп мени ээрчитип алар эле. Көрсө, үйрөнсүн деп жүргөн экен. Ал киши сүйлөп атканда эч кандай кол чабуулар болчу эмес, суроо да берилчү эмес. Чогулган эл нес болуп тунжурап отуруп калышчу. Согуш жылдары. Аскерлер ооруканасында жарадар жоокерлерге “Ата мекен – ар бирибизге ыйык” деген темада лекция окуду. Кол чабылып, су­роо берилмек түгүл, башкарып отурган жетекчи да рахмат айтууга жарабады. Өзүбүз ыраазычылык билдирип, кетип баратсак, балдакчан жоокер келип, сиз кетиңиз, академикке айта турган сөзүм бар деп, ал киши менен жалгыз сүйлөштү. Көрсө, жаным аман калса болду деп өзүн-өзү бутка атып, анысы айыгып, айылына кетерине аз калган экен. Академиктин Ата мекен жөнүндө айткандарынан улам: “Бул мен эмне деген итчилик жасадым деп жан дүйнөсү жай таппай, жасаган кылмышын ачык айтып, сиздин сөзүңүздөн кийин жашагым да келбей калды”, –деген экен. Сөз тааси­ри, сөз кудурети деген ушундай болот. Мага дагы беш мүнөт убакыт бергиле, силерди кол чаптыртам, суроо бердиртем, а терең натыйжа болбойт. Анткени сөздү мен баштан аяк бүйүр кызытма айтам”, – деди. Феликс Никшановичтин бул айткандарынан улам жыйындын катышуучуларында сөз­дүн күчү жөнүндө ойлор ого бетер тереңдеди.

Айтылуу Дейл Корнегинин күнмурдатан кулактандырылып уюштурулган “Адамдарга кантип таасир этиш керек жана кантип дос күтөбүз” деген лекциясына АКШнын бардык жактарынан нечен миңдеген эл чогулган экен. Ошончолук көп эл ошол жерге эч убакта чогулган эмес экен, дүйнөлүк атактуу ырчылар келгенде да.

Кыргыз коомчулугунда тил маселесинин айтылбаган жагы калбады ок­шойт. Тээ, отузунчу жылдардан бери айтылып келет, а бирок абал оңолбой, орус тил үстөмдүгү ошол кезден ушул кезге чейин күчөгөндөн күчөп келди. Азыркы эң башкы маани – мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышына жетишүү. Эгерде антелбасак сөз кудуретибиз ого бетер куруйт. Турмуштук тереңдиги, таамайлыгы, көптүгү жагынан дүйнөдө теңдеши жок макал-лакаптарыбыз колдонуудан калат. Каада-салт, нарк-дөөлөттөрүбүздөн кагаалжып, улуттуулугубуздун уюткусу соолуйт. Улуттук ар-намыс өчөт. Ата мекенди ыйык тутуу сезими мокойт. Улут таламын туя албагандар, ал туурасында түшүнүгү жоктор, өз көмөчүнө күл тарткандар күчөйт. Калкыбыздан кут качат. Ошондо сырткы күчтөр бизди каалагандай калчайт. Кайран эл акыры ар кимди ээрчиме болуп тынат. Ушундай тагдырдан аман калуунун эң башкы аргасы, бизде гана эмес, дүйнөдөгү бардык элде – эне тилин сактоо, өнүктүрүү. “Эне тилибиз, адабият жана өнүгүү”, “Улуттук тилибизди жерибейли”, “Эне тилибиз жана социалдык-экономикалык келечек”, “Улуттук тилдер – континенттеги саясий өзгөрүштөр шартында өтө маанилүү маселе” деп Африка элдеринин лингвистгери, социологдору, журналисттери, жазуучулары конференция, кеп-кеңеш жыйын өткөрүп, эне тилинде адистерди даярдоо, адабиятгарды элге таратуу иштерин колго алып, маселе жылдан жылга оңуна ооп келүүдө, аларда.

1277-жылы 13-майда Осмон империясынын султаны Караманоглу Мехмед Бейдин Анадолу аймагында мамлекеттик иш кагаздар түрк ти­линде жүргүзүлсүн, түрк тили мамле­кеттик тил болсун, деген жарлыгында: “Бул күндөн баштап диванда, межилистеги жыйындарда, калк топтолгон жерлерде түркчөдөн бөлөк бир да чет тили колдонулбасын”, – деп айтылган. Ошентип, Осмон империясына баш ийген жерлердин бардыгында мамлекет турмушунун иш кагаздары түрк тилинде жүргүзүлүүгө тийиш болгон. Далай ирет заман өзгөрдү. Осмон империясы кыйрады. XX кылымдын башында Мустафа Кемал Ататүрк үзүлгөндү улап, чачылганды курап Түрк Республикасын түзүп, өлкө турмушунан араб арибин алып таштап, жазуу иштерин латын тамгасына өткөрдү. Өлкө жетекчисинин 1932-жылы 12-июлдагы буйругу менен “Түрк тилин изилдөө коому” түзүлүп, түрк тилинин латын арибиндеги орфографиясы иштелип чыгып, тил саясатынын өзөгү да, өңүтү да биротоло негизделип, жүргүзүлгөн чечкиндүү далай иш-аракеттердин натыйжасында бул элдин эне тили бүгүнкү күндө бардык жагынан өнүккөн деңгээлге жетти. Түрк Республикасынын алгачкы прези­денти, Улуттук Улуу Жыйында мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан урматтоо, ызааттоо маанисинде “Ататүрк” атыккан Мустафа Кемалдын элинин эне талин өнүктүрүүдөгү эмгеги эбегейсиз терең жана дүйнөдөгү бүт тектеш эл жетекчилеринин ар бирине өрнөк.

Бир элдин экинчи элге үстөмдүгү – айла-амалдардын эң башкысы – ошол элди эне тил жагынан алсыратуу. Адамзат тарыхында буга мисал көп. Бир кездерде Кореяда, Въетнамда кытай иероглифин окуй албаган адам караңгы, билимсиз делип эсептелген. Бүгүнкү күндө въетнамдыктар бардык жагынан толуту менен латынчага өткөн. Кореялыктар да өздөрүнүн улуттук “онмун” жазмасында. Жапонияда болсо сөздүн уңгусу иероглиф менен, калган жагынын баарында улуттук муун арип “кана” колдонулат. Азербайжан эли латын тамгасына өттү. Өзбекстан да ошондой, латынчага өтүп атышат. Дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө жүрсө, ошол элдин ти­линде сүйлөп, ошол элдин арибинде жазып жүргөн еврей эли өз алдынча мамлекет болгондон тартып байыркы еврей алфавитин өздөштүрүп, иврит тилине өтүп алышты. Орус тили систематика жагынан копол тартып, элестүүлүгү өчүп, берекеси кетип баратат деп, бул элдин окумуштуулары, президент Владимир Путин, жубайы баш болуп “Берегите прекрасный русский язык” деп маселе мамлекеттик думада каралып терең аракеттер жасалууда. Дагы бир мисал: 1957-жылы, англиялык колониялык үстөмдүктөн кутулуп, өз ал­дынча өлкө болгондо, малай тили мамлекеттик тил делип жарыяланып, 1961-жылдан баштап кьггай жана тамил тилдери мектептердин баштапкы класстарында гана калтырылып, орто билим бүт өлкөдө малай жана англис тилинде окутулуп, 1969-жылдан тартып мамлекеттик мектептердин бардыгында сабакгар мамлекеттик тилге өткөрүлөт. Кытай жана тамил тилдериндеги мектептер акы төлөө шартына коюлат. Ушундай жана башка чечкиндүү чаралар көрүлүп, өлкөдө тил маселеси чечилип, ушул тапта кайсы улутган экендигине карабай эл мамлекеттик тилде – малай тилинде жаза да, сүйлөй да алышат, а алгачкы жылдары бул өлкөдө да бул талуу маселени туура түшүнө электин айынан кандуу кагылыштар болгон. 200 кишинин өмүрү кыйылган. Малай тили аркылуу өлкөдөгү бардык улут өкүлдөрү (малай улутундагылар – 47%, кытай улутундагылар – 34%, калгандары тамил жана башка улуттагылар) “Мекендештик, атуулдук дил калыптанышы керек” деген саясатты туу тутуп, мамле­кет жетекчилиги болгону 15 жыл аралыгында маселени оңуна келтире алгандыгы – башкаларга баа жеткис өрнөк. Жүргүзүлгөн иштердин негизги маани-мазмуну мындай:

– Илимде, технологияда, иштин бардык чөйрөсүндө малай тилин өнүктүрүп, бай тилге айландыруу, сөз кудуретин күчтөндүрүү;

– Адабий чыгармачыл таланттарды ар тараптан колдоого алуу;

– Тилди өнүктүрүү өңүтүн алдын ала таамай аныктап, ишти ырааттуу, ыктуу жүргүзүү;

– Жазуу эрежелерин жана сөздүн айтылышын тактоо;

– Терминдерди таамайлаштыруу;

– Сөз жана анын сабаттуу колдонулушуна көзөмөл жүргүзүү;

– Малай коомчулугу жана эл аралык чөйрөдө малай тилин даңазалоо;

– Малай тилин компыотерлештирүү.

Сөз – ойдун ачкычы” (Т. Сыдыкбеков). “Тил – ой жүгүртүүнүн каражаты” делип да аныкталган жагы бар. Сөз түрмөктөрү адегенде ойлом түрүндө тизмектелип, анан айтылат, жазылат (внутренняя, внешняя речь). Сөздүн айтылышы жана ички кайрыктары эриш-аркак, өз ара таасирлеш. Сөздөн ой, ойдон сөз жаралат. “Слово должно быть по росту мысли”, – деп Грибоедов айткандай, маселенин ушул жагында маани терең.

Орус тилинде билим алып, илимди да орус тилинде өздөштүрүп, эне тилинен оолактап калган кыргыздардын далайы оюндагысын кыргызча айта албай, сөз таппай, анан кыргыз тили жарды деген тыянакка келип аткандыктары, улут тагдырына тиешелүү чечим кабыл алуу чөйрөсүндөгүлөрдүн миңден бири болбосо, калгандары кыргыздын керемет сөз кудуретин туя албагандар экендиги, нечен ондогон жылдар бою орус тилин билбегендер мамлекеттик кызматтарга алынбай, тил жагынан орусташтыруу саясаты өтө терең жүргүзүлгөндүгү, ошондон улам элибизде эне тилине кайдыгерлик күч алып, орус тилине ооп, ошого биротоло моюн сунуп, азыр да ошондон арыла албай жаткандыгыбыз – мына ушулардын баары тил жагынан кыргыз элинин азыркы татаал абалынын себепкери. Дүйнө жүзүндө канча улут болсо, алардын ар бириндеги улуттук намыскөйлүк – бул табияттын өзүндөй табигый кут. Ансыз улут – улут эмес. Тамыры бош. Башкаларга каршы кыянат үстөмдүк болсо, албетте, ал-улутчулдук. Улуттук намыс, намыскөйлүк бизде көбүнчө курулай абстракция, эмоция түрүндө болуп, турмуштук туюм өнүкпөй калган. Ошондуктан бул туурасында тарых музейинин жыйындар жайында Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү көрнөк-жарнактар жөнүндө өткөрүлгөн жыйында республикабыздын мамлекеттик катчысы: “Шаар жетекчилери, силерде улуттук сезим, намыс деген жок, алардын баарын акчага сатып, ордо шаарыбыздын кебетесин кетирдиңер”, – деген мааниде, албетте, катуу, бирок адилет айтты. Тейлөөчүлүк кызмат жайы делип шаарыбыздын дагы бир жеринде курулуп бүткөрүлгөн экен. Ал жердеги көп түрлүү кызмат көрсөтүүлөрдүн биринде бадырайта жазылып турат “Автожуучу” деп. Кыргыздар куда түшкөнү баргандарды” жуучу” дейт. Бул сыяктуу көрүнүштөр башкы шаарыбыздын көчөлөрүндө толуп атат. Көчө көрүнүштөрү жагынан Бишкекти Кыргыз мамлекетинин борбору дегенге караганда Орусиянын шаарларынын бири деп айтууга жакыныраак жагы көп: көчө толо орус сөзү, орус өңү. Кыргыздын кымча бел кыз-келиндеринин, аксакалы жайкалган ажарлуу карыяларыбыздын, жүзүнөн мээрими жанган энелердин элеси неге жок? Шаар жетекчилеринде улуттук намыс, улуттук намыскөйлүк, улут таламын турмуш жүзүндө туя билгендик болсо, борбор шаарыбыздын жүзү, жасалгасы, жазылып коюлгандар азыркыдай болбойт эле да. Өзүн-өзү сыйлай албаган, өз кадырын өзү тута албаган адам өзгөлөргө жем, улут да ошондой. Маселенин ачкычы улуттук намыскөйлүктө. “Күчтүүлөрдөн коркпо, өзүңдүн алсыздыгыңдан корк” (И. Раззаков). Тигил тарап күчтүү, бул жагы да ошондой деп, эптеп этегин кармап оокат кылалы деген саясаттан ашкан мажүрөөлүк болбос. Антип бөксүрөгөн улут ошол боксүрөгөн бойдон бок түшүп кала берери анык. Бардыгы ичтен жетилет. Күч өзөккө топтолмоюн, өзгөлөргө көз карандылыктан эч ким арыла албайт. Азыркы дүйнөлөшүү (глобалдашуу) заманында өз табиятында тарыхый тамырынан кубат алып өнүккөн улут кудурети аркылуу гана анын ар бир адамына ар-намыс, ырыскы жанат жана эң башкысы, мамле­кет, андагы бийлик тарабынан жүргүзүлгөн саясат кандай, баары ошого жараша. Башкачасы жок, болушу да мүмкүн эмес.

“Шоокум” журналы, 01.11.2005-ж.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.