Элибиздин эл келечеги – эне тилинде

Автор: sarymsakov, марта 26, 2013

Сөзү алсыз болсо, ал элдин өзү алсыз болбой койбойт. “Олуп – чолуп айтылса, омоктуу ойдон да кут качат”. Сөз бул – жан дүйнөгө себилген үрөн. Сапаттуу болсо – таасири таамай. Сапатсыз болсо – курулай ооздун жели. А бул деген демек, мамлекеттик,жалпы элдик маанидеги маселе.

Өз өлкөбүздө өз тилибиздин кадырына жете албасак, өзөк соолуп, өзгөлөргө жем болобуз. Кыргыздын кыргыз келечегине эне тилибиз аркылуу гана түздөнө алабыз. Телеберүүлөрдүн биринде: “Бишкек менин бир тууган шаарым”, “Бишкек, мен сени сүйөм” деп жарыша айтып жар салып, улам кайталанып атты. Мунун өзү – эне тилибизге жасалган эси жоктук. Мындай мисалдар, мындан да ашкан сабатсыздыктар, эки сөздүн бири орусчаланган учурлар толтура.Көнүмүш адатка айланып баратат.

Эне тилимди кордобоюнчу деген ниет жок, аракеттин өзү жок. Коомчулук алдында жоопкерчилик сезим жок. Өлкө жетекчилери тараптан “кыргыздар, кыргызча сабаттуу сүйлөгүлө” деген талап жок. Мындай шартта улуттук идеология деп маселе көтөрүүдөн майнап чыкпайт.

Ири алдыда эң башкысы-эне тил маселеси. Өткөн кылымдын отузунчу жылдарынан бери чоло жери калтырылбай айтылып бүткөн, жедеп жеперибизге жеткен, кыргызды санааркаткан маселе ушул.

Элибиздин эне тили дүйнөдөгү эң бай тилдердин бири экендигин билип билбей, билгиси келбей, жарды деп аны жеригендер бар. Кыргыз болуп туруп, кыргыз тилине кыянатчылык жасагандар да жок эмес, маселеге карата тескери пикир айтып.

Көп жылдар бою “Билим” коомунда, теле-радиодо, пенсияга чыгып гезитте бул жерде айтылган маселе жаатында иштеп жүрдүм. Жүздөгөн каттар келип атты. Күйүп – жанып жазылган бир каттагы ыр саптар:

Эне тилин өгөйлөп жектегендер,
Эне тил элегинен өтпөгөндөр.
Кыргыздын өзүн чанып, сөзүн чанып,
Кыргызча кымыз ичип, эт жегендер,
Калайык, айткылачы, булар кимдер?

Улуттук ар намысты тепсегендер,
Улуттун кадырына жетпегендер.
Өздөн чыккан жат болуп, дилин сатып,
Өзүнүн маңкурттугун сезбегендер,
Кыргызым, айт чынынды, булар кимдер?

Бабабыз Манас тилин билбегендер,
Балдарына орусча сүйлөгөндөр.
Калкы эмес, керт башынын камын көрүп,
Кыргызга кымындай да күйбөгөндөр,
Оо, журтум, айткылачы, булар кимдер?

Кыргыздын ак калпагын кийбегендер,
Кыргыздын эсебинен күн көргөндөр,
Туя албай эне тилдин улуулугун,
Түбөлүк жан дүйнөөсү кирдегендер,
Эл, журтум, айткылачы, булар кимдер?

Бул кат мага мындан көп жыл мурда келген. Жан кашайганда жазылган бул ыр саптар Кочкор районундагы А.Жалпетеков атындагы мектептин кыргыз тили , адабияты мугалими Самүдүнов Сыдыкбекке таандык. Мүмкүн окуп алып, намысына келгендер, ардангандар болуп калар.

Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин “Духовный стержень нации – казахский язык”(кыргызча айтканда “Улуттун дил өзөчү – казак тили) деп айтканы казак теле берүүсүндө жар салынып, улам кайталанып берилип атат. Бул деген – табылгалуу таасир.

Сунуш: “Кыргыздын кыргыз келечеги – эне тилибизде “; “Элибиздин эне тил кутун качырбайлы”, деген ушул эки ураан чакырык ылайыктуу коомдук жайларда жасалгаланып жазылып, теле-радиодонда жакшылап музыкалаштырылып айтылып турса.

комментариев 11

Аябай жакшы жазылыптыр! Баардыгына кошулам! Ушундай эне тилибиз жонундо ураан чакырыктар, ыр-саптары ТВдан, социалдык сайттарынан кобуроок сунушталып турса!

Автор: Марс, дата: Четверг апреля 4th, 2013 12:05. Ответить #

sarymsakov

Рахмат.

Автор: sarymsakov, дата: Вторник июля 29th, 2014 11:16. Ответить #

Эне тилибиз-байлыгыбыз!
Демек, жогоруда кыска бирок терен мазмундуу пикирге кошулам. Кыргыз тилибизди сактайлы, эй кыргыздар!

Автор: Даткайым, дата: Среда сентября 25th, 2013 00:23. Ответить #

sarymsakov

Рахмат.
Бирге бололук, чогуу бололук.

Автор: sarymsakov, дата: Вторник июля 29th, 2014 11:17. Ответить #

жакшы жазылыптыр. ыр аябай соонун экен. ар бир кыргыз кыргыз тилинде таза суйлоого тийиш. ушундай кооз тилибизди сактап калалы

Автор: anara, дата: Вторник сентября 2nd, 2014 20:00. Ответить #

Курук эле ураан менен алыс кетпейбиз. Акылдуу жазылган китептерди кыргызчага которуу эн зарыл. Ал китептер инженерияда, технологияда, физикада, физиалогияда ж.б. Которот десе эле туура эмес которсо болбойт. Бир республикалык олимпиадада фигураны-элес деп которуптур. Анан аны ал окуучу бир саат элестетип олтуруптур.

Автор: Аширали, дата: Четверг сентября 18th, 2014 20:34. Ответить #

Эн сонун айтылган, кыргыз тилибизли онуктуролу баарыбыз биргеликте

Автор: Жазгул, дата: Понедельник сентября 22nd, 2014 16:24. Ответить #

Кыргыз тили кайда баратат? Неге? Канткенде кыргыз тилин онуктуробуз? Ушул суроону ар бир кыргыз эли ойлонгула

Автор: Элизат, дата: Понедельник сентября 22nd, 2014 22:42. Ответить #

Aiabai soonun jazylyptyr,men kyrgyz tilinen olimpiadaga daiardanyp jatkam,maga bul jerde avtordun sozgo 4e4endigi aiabai jakty,kee biroolorgo okwop eki sozdu eptep aitalbagandardan,sizgo soltuk,kepke kemtikterden emes eken

Автор: Kaiyrma, дата: Пятница ноября 7th, 2014 18:32. Ответить #

Эн сонун айтылган, Кыргыз тилибизди сактайлы, эй кыргыздар! Элибиздин эне тили дүйнөдөгү эң бай тилдердин бири.

Автор: Элдияр, дата: Понедельник сентября 21st, 2015 16:57. Ответить #

Тили жок улуттун келечеги жок.Башкалар оз тилин онуктуро албай жатса биз башканыкын онуктуруп.Автор мекенди ойлогон патриот адам экен.Окунучтуусу ушундай патриоттор абдан эле аз!

Автор: Айчолпон, дата: Среда февраля 20th, 2019 23:41. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.