Коом жана эл турмушундагы кээ бир руханий курч маселелер

Автор: sarymsakov, июля 29, 2014

• “XX кылым адамзатты эки чоң дүйнөлүк согуштагы удаа – удаа кан төгүүлөргө, ядролук жардырууларга жана жердин силкинүүлөрүнө, космосту багындырып, илимий – техникалык жетишкендиктерге күбө кылып гана тим койгон жок. Ошону менен катар эчен миң жылдар урпактардын элегинен өтүп, иргелген руханий дөөлөттүн эң башкысы – адамгерчилик касиеттердин алсызданышына жол берди. Менимче – жалпы адамзат коому үчүн ядролук согуштан кийинки эле өтө кооптуу жагдай ушул”(Чыңгыз Айтматов).

Толугу менен

Улуттун улут келечеги намыскөйлүктө

Автор: sarymsakov, мая 30, 2014

“Адамдын ойлонуусу, адам баласындагы интеллект – ой жүгүртүүнүн, анын натыйжаларынын сөзгө айландырылышы” (А. Леонтьев. “Язык и разум человека”). Дудуктардын кол жаңсоолору сүйлөшкөнү гана эмес, кээде өзүнчө олтуруп ойлонгондо да ошентишет, кээ бир адамдар үнүн чыгарып ойлонгон сыяктуу. Бир дудукка иш сунушталат. Ойлонуп көрөйүн деп жанаша бөлмөгө кирип кетет. Атайы шыкаалап караса, өзү менен өзү сүйлөшүп аткансып, колдорун жаңсап аткан экен. Дагы бирөөсү: “Өзүмчө ойлонуп жатканда манжаларым кошо кыймылдап аткандай сезем”, – дептир. Ой менен сөз айкалышмайын – бири кем. Сөз кайдан жаралат? Дүйнөдө канча эл болсо, сөз жагынан алардын ар биринде өздөрүнө таандык өзгөчөлүк жактары болот. Мисалы: немистерде, корейлерде, жапандарда “көк жана жашыл” деген эки сөз өз-өзүнчө эмес, бир эле аталышта айтылат. Индеецтердин кайсы бир хопи деген уруусунда канаттуулардан башка учкандардын баары: коңуз, учак, учкуч, жарганат жана башкалар, африкалыктардагы суахили тилинде: паравоз, поезд, автомобиль, вагон, араба, кол араба, велосипед жана башка дагы бир катар ушулар сыяктуулардын баары бир гана сөз менен айтылса, Океания тараптагы меланезий тилдеринин биринде банандын жүз түрү жүз сөз менен, Кольский жарым аралындагы саами элдеринин тилинде музду түшүндүргөн 20, абанын муздактыгы айтылган 11, кычыраган суукка жана эрий баштаган учурга карата колдонулган 26 сөз бар экен. АКШдагы индеецтердин навахо уруусунда биздегидей шекер деген сөз жок, туз деген маанидегиси бар, ошондон улам алар таттууну “таттуу туз” дешет. Жуманын жети күнүнүн өз-өзүнчө атоолору жок, бир гана жекшемби түшүнүгү айтылган сөз болгондуктан, биринчи күндү “жекшембиден кийинки”, ишембини “жекшембинин алды жагындагы” деген тартипте жети күндүн ар бирин айта беришет. Башка элдердин баарынан өгөчөлөнүп буларда сөгүнүч сөз жок, Индиядагы хунза уруусуна окшоп, кооздуктарга абдан сезимтал. Бир эле кызыл деген түстүн 122 аталышы бар, мисалы биздеги: кызыл, кызгылжым, кызыл-күрөң, кочкул-кызыл, мала-кызыл, чоктой кызыл ж. б. сыяктуу. Баш-аягы 100 миңге жакын эл автомобилден баштап кибернетикага чейинкилердин баарын өз тилин­де атап алышкан. Өз тилинде гезит чыгарышат. Коллеждерде сабактар өз тилинде өткөрүлөт, сөздөрү абдан элестүү. Сыр катып сүйлөгөнгө маш. Ар дайым табияттагы нерселерге карата айткан жактары өтө өнүккөн (Альбертас Лауринчюкас. “Ковбои истерии и торжества разума”).

Толугу менен

Мамлекеттик тилге мамиле өзгөрүүдө…

Автор: sarymsakov, мая 26, 2014

k_til

Кыргыз тили мамлекеттин иштиктүү тилине айланууда дегенибизге далай мезгил болду. Анын чындыкка коошкон-коошпогон жактары абдан эле арбын. Айрымда өлкө жетекчилери айла жоктон улутту жайгарган саясат үчүн гана сөз жүзүндө “чыркырамыш” этип, кулактын кычуусун кандырган учурлар да өттү. Бүгүн болсо ар тараптан “мамлекеттик тилге реалдуу көңүл бурула баштады” деген сөздөр байма-бай угулууда. Аны Президент А.Атамбаевдин өткөн жылкы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча атайын жарлыгы, жаңыдан иштелип чыккан Улуттук программа айгинелеп тургансыйт. Бирок бул кагаз бетиндеги документ гана, ал эми турмуштагы чындык кандай? Мына ушул суроого жооп алуу үчүн биз “Кыргыз Туусунун” өргөөсүнө бир катар тил билермандарын, жооптуу мамлекеттик чиновниктерди чакырганбыз. Эмесе, кеп кезеги коноктордо.

Толугу менен

Өлкөбүз адамдын адамдыгын качан тарбиялаар экен?

Автор: sarymsakov, октября 31, 2013

22 жылдык соңку тарыхыбызда республикабыздын, коомубуздун, жалпы эле эл-журтубуздун дейли  жашоо турмушунда эмнелер болуп жатат ?

Төмөндөгүдөй  бир маалыматтар айтылып жүрөт. Өлкөбүздүн аянты дүйнөнүн 117 өлкөсүнүкүнөн чоң. Суу байлык жагынан 110 өлкөдөн алдыдабыз. Сабаттуулук жагынан дүйнөдө 14-орундабыз. АКШ 9чу, Россия 22чи, Франция 29чу, Германия 30чу, Жапония 31чи, Канада 58чи, Малайзия 98чи, Түркия 100чү, Кытай 102чи орунда. Ушулардан улам тыянак сөз: демек, карандай сабаттуулук аздык кылат экен да. Ал сабаттуулуктарды аракетке келтирип, жалпы элдик дем, демилге жаратуу керек экен да. 1800-жылдары жашап өткөн америкалык ойчул, жазуучу Эмерсон Ралф Уолдо: ”Цивилизациянын чыныгы көрсөткүчү – байлык менен билимдин деңгээли эмес, шаардын чоңдугу эмес, өлкө тарбиялаган адамдын адамдыгы” деген экен.

Толугу менен

Изденгендер гана ийгилик жаратат

Автор: sarymsakov, мая 8, 2013

Сөзү кемиген, создөн алсыраган эл болууга акыбыз жок. Сөз – ыйык. Ыйыкты ыпыластоого болбойт.

Өткөн жылы 19-майда «Манас жаңырыгы» студиясында суроо-жооп маек учурунда Мухтар Шаханов : «Алмазбек Атамбаевге «Желтоксан эпопеясы» китебимди эстеликке берип, бетине: Кыргыз Республикасынын президенти болдуң, кыргыз рухунун президенти боло алар бекенсиң, деп жазып койдум» деген сөздү айтты эле. Бул өзү – мамлекет башчылык канчалык көп кырдуу жоопкерчиликтүү милдет маанисинде айтылган дайыма эсте тута турган сөз. Буга кошумча дагы бир айтым: «Цивилизациянын чыныгы көрсөткүчү – байлык менен билимдин деңгээли эмес, шаардын чоңдугу эмес, өлкө тарбиялаган адамдын адамдыгы». Муну айткан 1800-жылдары жашап өткөн америкалык ойчул, жазуучу Эмерсон Ралф Уолдо. Чечмелеп көрөлү. Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү эң бай өлкө делип жүрөт. Билимдүүлөр жетишерлик, Нобель сыйлыгына арзыгандардын 60 пайызы америкалыктар. Окуу жайлары күчтүү, шаарлары чоң. Нью-Йоркто чет жакаларын кошуп алганда 20 миллионго жакын эл жашайт, жүздөн ашык көп кабаттуу имараттар асман тирейт. Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсеси жайгашкан шаар. Вашингтон жана башкаларынын баары келишкен керемет ири шаарлар. Ал эми адамдардын адамдыгычы? Башка көптөгөн мисалдарды айтпай эле, мурдагы президенттеринин бири Ричард Никсондун: «Америка курал жагынан күчтүү жана бай, а жан дүйнө жагынан жарды» деп президент башы менен ушинтип айтканы толук жетиштүү.

Толугу менен

Таза абалга алып чыгар күч керек

Автор: sarymsakov, мая 6, 2013

Уйку да жаш куракка жараша болот тура. Эрте ойгоном. Балконго чыгам. Мечит тараптан азан чакырык. Жолдун аркы четинде жаңы эле көчөгө чыга баштаган алагүү, болгондо да кыргыз балдардын, кыргыз кыздардын оозго алынгыз богооз сөздөрдү оозанып орусчалап сөгүшкөн, жакалашкан ызы-чуусу. Көбүнчө жума, ишемби, жекшемби күндөрү дайыма ушундай. Жаштарга делинген жайларда түнү бою жан дүйнөсү уулуккан уул-кыздарыбыз келечекте өңү кыргыз бойдон калганы менен адеп, ыйман-ызаат жагынан кыргыз деп айтарлык касиети болор бекен?

Толугу менен

Ырыскыбыз ичтен, аброюбуз тыштан болсун!

Автор: sarymsakov, апреля 29, 2013

Дүйнө жүзүндө канча эл болсо, алардын ар биринде өзүнө гана таандык өзгөчөлүк жана бири-биринен айырмаланган жактарын эске алып, өзүбүздүн кыргыз эли жөнүндө эмнелерди айтууга болот?

Журт которгондо коломтосун, таштандыларын көөмп, мизилдете тазалап, табиятка таазим кылып, аны ыйык туткандык – элибиздин жан дүйнөсүндө уюган табигый тазалык;

Сөз кадырын кастарлагандык, сөзгө жыгыла билгендик, сөз атасы айтылды, сөз бүттү деп этегин күбүнүп тарап кетмейлик – кыргыз элдик нарктуулук;

Келиндердин кайын журтундагыларга жүгүнүп, тергеп, ызаат көрсөтүүсү – кыргыздарда кылымдар бою ыйык сакталып келген ыймандуулук;

Арстанбек, Жеңижок, тоо булбулу Токтогул баш болгон ак таңдай акындардын куюлуштуруп айтылган сөз күчү элибиздин элдигинин, эл наркынын сакталышына, өнүгүшүнө жан азык болуп келгендиги, төкмөлүк өнөр түпкүрдөн түрүлүп улантылып жаткандыгы  – канга бүткөн касиет;

Толугу менен

Тил дүйнө

Автор: sarymsakov, апреля 23, 2013

Кудай Тааламдан эмне сураш керек?

Автор: sarymsakov, апреля 16, 2013

Кудай Тааламдан өзүмө эмне сурасам, дейт небереси.

–         Ушу тапта өзүндө эмне бар болсо, алардан айрылып калбоо үчүн акыл, чыдамкайлык, сабырдуулук сура. Жоготуп алгандан көрө андайга ээ болбой койгонуң артык. Ансыз деле баары жайында болуп турса, ал нерсени алам деп кол сунба.

–         Кадырыңды жоготпо, башка бирөөлөрдүн кадырына шек келтирбе.

–         Эч кимден коркпо, урмат сый мамиледен жазба.

–         Талаш – тартышта оюнду айт, бирок обу жок айтыша бербе.

–         Түшүндүр, бирок үгүттөбө.

–         Сураса айт, сурабаса унчукпа.

–         Сунуш кыл, бирок таңуулаба.

–         Алдаба.

–         Табалаба.

–         Колуңдан келбесе убада кылба, убада кылдыңбы, аткар.

Бул айтымдар Каныбек Иманалиевдин табылгасы

Кулактын түрлөрү тууралуу

Автор: sarymsakov, апреля 9, 2013

Адамда канча түрдүү кулак болот?

–         Үч түрдүү: таш кулак, акма кулак, куйма кулак. Таш кулакка сөз кирбейт. Акма кулактан айтылган сөз агылып түшуп калат. Куйма кулакка айтылган сөз уюп калат, укумдан – тукумга улам кийинкилерде улантылып,бүтүндөй эл – журттун дилин, акыл –эсин агартат.