Публикации по тегу “сөз”

Сѳз сабаттуулугу деген эмне?

Автор sarymsakov, March 19, 2016

1930-жылдардан берки сексен жылдан ашык мезгил бою элибиздин эне тилинин айтылбаган чоло жери калган жок. Андагы ой, сунуш, курч сын пикирлерди топтоого алсак, нечен том-том китеп болор эле. Эл, коом, мамлекет турмушунда кыргызга так, таамай, таза, сабаттуу, таасирдүү сүйлѳѳнүн зарылчылыгы (…)

Читать далее »

Биз, кыргыздар эмне деген элбиз…

Автор sarymsakov, February 19, 2016

Кенжалы Сарымсаков атамдын бул дүйнөдөн өтүп кеткенине 2016-жылдын май айында 1 жыл толот. Ал бүт өмүрүн кыргыз элине арнаган инсан эле. Кыргыз элим, кыргыз тилим деп жүрүп өтүп кетти.  Кыргыз элин өнүгүүгө үгүттөгөн, бул өнүгүү жолунда кыргыздын кыргыздыгын аныктаган, кыргызды (…)

Читать далее »

Энеден, Эне тилибизден ашкан ыйыктык жок, кор кылбайлы

Автор sarymsakov, August 15, 2014

“Урматтуу редактор! 1972-жылы 10-февралда “Советтик Кыргызстандын” редакциясында басма кызматкерлери үчүн кеңешме өткөрүлгөн… Анда көлөмдүү баяндама жасаганмын. Тезиси менин колумда. Ошондо тил маселесинен айтылган пикирлер азыр да күчүн жогото элек. Мүмкүн болсо, ошол макаламды гезитке жарыяласаңыз экен Саламым менен – проф. (…)

Читать далее »

Адам адам болуп…

Автор sarymsakov, March 29, 2013

Адам адам болуп, акыл – эс заманы башталгандан берки аң – сезимдик өнүгүүнүн өзөгү – ой жана сөз. Сөздү сөз, ойду ой козгойт. Айткан сөзүң – ал сенин өзүн. Сөз – ички дүйнөнүн күзгүсү. Дили тазанын сөзүндө амалкөйлүк болбойт. Ак (…)

Читать далее »

Дагы бир жолу сөз жөнүндө сөз

Автор sarymsakov, March 12, 2013

Эмне көп, азан – казан жыйын көп. Бүйүр кызытма сөздөр көп. Арасында жүйөлүү айтылгандарын, сунуш пикирлерди иргеп, эске алып, ойлонуштурган эч ким жок. Жыйынды башкаргандар, азыркыча айтылып жүргөндөй, алып баруучулар жакшылыктуу тескей алышпай, жыйын кайым айтыш чыр – чатакка айланган (…)

Читать далее »

Сөз жөнүндө сөз

Автор sarymsakov, March 9, 2013

“Дүйнөлүк тарыхтын” I томунун 36-бетинде: “Ой жүгүртүүнүн өсүшүн сөздүн өсүшүнө байланышсыз кароого мүмкүн эмес. Тил жана ой жүгүртүү эң башы-нан бери өз ара ажырагыз байла ныштуу жана өз ара таасирлеш. Тил ой жүгүртүүнүн натыйжаларын сактап, каттап, ой бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. (…)

Читать далее »

Кыргыз тилинин табияты – 4

Автор sarymsakov, August 30, 2012

Элибиздин эне тил табияты деп өткөндө, адамдардын жүрүм – турум  кулк – мүнөздөрүн сыпаттаган сөздөргө токтолгон элек. Андай сыпаттоолор абдан көп. Баарын айтууга үлгүрбөдүк.Кээ бирөөлөрү кем айтылды эле. Учугун улайлы. Кыргыздын тил табиятын өзгөчөлөгөн жана өткөндө жакшылыктуу айтылбай калган сөздөр: (…)

Читать далее »

Айла-амалга баткан коом акыры жарылат

Автор sarymsakov, August 24, 2012

Күн сайын өткөрүлүп аткан ондогон миң окуу сабактардан баштап, теле-радио, гезит жана парламентке, адамдар ортосундагы мамилелерге чейинкилердин бардыгындагы эң башкы маселе бул – сөз таамайлык, сөз таасирдүүлүк. Адам адам болуп, акыл эс заманы башталгандан берки аң-сезимдик өнүгүүнүн өзөгү – ой (…)

Читать далее »

Тил табияты – 2

Автор sarymsakov, July 30, 2012

* * * Кимдин ким экендигин сыпаттоодон тышкары адамдардын жан дүйнө  абалына колодонулчу сөздөр бар. Мисалы: делбетап, делөөрүп, дегдеп, делебеси козголуп, жүрөкзаада, жүрөксүнүү, санаркоо, сарсанаа, экианжы , кошкөңүл, көңүлкош… Баяндоолордо, маалымат берүүдө колдонулса неге болбосун! Мисалы: Делебе козголуп, дөгүрсүгөн абал (…)

Читать далее »

“Жазганыбыз жакшы окулсун десек…” китебин окуп…

Автор sarymsakov, July 23, 2012

Тирүүлүктүн, жашоо турмуштун, баарынын жөн-жайына жалпы түшүнүк жаратып турган акыл бул – философия. Журналистика да дал ошнодой. Бул өзү  көп кырдуу, өзүнчө бир өзгөчөлүү иш, ишкердүү чыгармачылык. Ал Эл ишеничине ээ болгон негизде гана коомчулук турмушта өзүнүн татыктуу ордун ээлейт. (…)

Читать далее »