Коом жана эл турмушундагы кээ бир руханий курч маселелер

Автор: sarymsakov, July 29, 2014

• “XX кылым адамзатты эки чоң дүйнөлүк согуштагы удаа – удаа кан төгүүлөргө, ядролук жардырууларга жана жердин силкинүүлөрүнө, космосту багындырып, илимий – техникалык жетишкендиктерге күбө кылып гана тим койгон жок. Ошону менен катар эчен миң жылдар урпактардын элегинен өтүп, иргелген руханий дөөлөттүн эң башкысы – адамгерчилик касиеттердин алсызданышына жол берди. Менимче – жалпы адамзат коому үчүн ядролук согуштан кийинки эле өтө кооптуу жагдай ушул”(Чыңгыз Айтматов).

• “Адам сапатын жакшыртуунун чети оюла элек. Мурдагы кездердин бардыгына караганда азыркы мезгилде, бул деген өтө зарыл, өтө көйгөйлүү, өтө татаал маселе… Улам төрөлүп атат. Алар эмне деген тарбияда атат? Үй – бүлөдөн тышкары да таасирлер жыш. Адамдардын акыл ой дүйнөсүндө эмне деген өзгөрүүлөр болубатат? Ушунун жөн жайы этибарга алынбай, түркөйлүк күчөп баратат. Үй – бүлөбүздүн, элибиздин жан дүйнөсүнө чырмоок чөптөй чырмалып аткан зыяндуулуктарды ар кимибиз, арман күн, элес албай жүрүп атабыз”(Аурели Печчеи).

• “Улуу инсан Чыңгыз Айтматов бул жерде: “Адамгерчилик касиеттердин алсызданышы – ядролук согуштан кийинки эле өтө кооптуу жагдай ушул” десе, Рим клубунун президенти Аурели Печчеи: “Үй – бүлөбүздүн, элибиздин жан дүйнөсүнө чырмоок чөптөй чырмалып аткан зыяндуулуктарды ар кимибиз, арман күн, элес албай жүрүп атабыз” дебатпайбы.

• Бүгүнкү күндө элибидзин турмушунда кыргыз тарыхында эгерим болуп көрбөгөн ыпыластыктар эмне себептен болубутат? Же ушундай боло бериши керек беле “через хаос образуется новое качественное состояние” делип? “Ядролук согуштан кийинки эле өтө кооптуу жагдай – адамгерчилик касиеттердин алсызданышы”. Муну, дүйнөлүк деңгээлдеги адам жөн эле айтып койгон жок да. “Жан дүйнөбүзгө чырмоок чөптөй чырмалып аткан зыяндуулуктарды элес албай жүрүп аткан жактарыбыз, эмне, жокпу? – Бар да.

• Ушу тапта кыргыз элине, кыргызстандыктарга ыпыластыктарды, эл бузар, дил бузар зыяндуулуктарды жиреп чыккыдай аң – сезимдик революция деп айтарлык күчтүү иш аракет жүргүзүү – тарыхий зарылчылык.

• “Маданият дегендин өзү эмне? Ыр, күү, бий, оюн-зоок тамашалар менен эле чектелип калабы? Адамдын адамдыгынын калыптанышына кандай таасири бар?Адамдын ички жан дүйнөсүнө канткенде жан азык боло алат? Маданият жашоо турмушубузда өзүнүн маани – маңызы жагынан өз ордундабы? Жаштарыбыз эмне деген абалда? Жан дүйнөсү үч багытта: кыргыз элдик салтты, наркты туу туткандар; батыштын таасирине батып калгандар; араб болуп, ошолорду туурап диний фанатизмге ооп калгандар.

• Ниет бузарлык таасирлер турмушубуздун туш тарабын каптады. Кирген суудай киргилденген абал качан тунат, качан баары орду-ордуна келет, ким билет, өтө эле узарып бараткандай. Кыргыз тарыхында, эгерим болуп көрбөгөн ыпыластыктар болубатат. Ажыкызданган айтышуулар качан токтоор экен. Кийим-кечебиз кирдесе, самындап жууп койсок тазарат. Кирдеген пейилди кантип тазалайбыз, канткенде тазаланат? “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” (Исхак Раззаков). Мен,сен, коом өзүнөн өзү таза боло албайт да. Андай болсо, ал тазалыктар кайдан башталат, кимдер баштайт, башталар жери кайсы?

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.