Тил табияты – 3

Автор: sarymsakov, August 24, 2012

Араб саякатчысы Абу Дулаф: “Андан ары Кыргыз деген урууга чейин бардык. Өздөрүнүн жазуусу бар экен. Жазганга колдонгондору кадимки калем. Сүйлөгөндө сөздөрү өзүнчө бир обон сымал ыргактуу” деп жазганы бар деп жүрүшөт. Бул өзү – X кылым.

XII кылымдын экинчи жарымында XIII кылымдын баш жагында жашап өткөн борборазиялык ойчул жана акын Ахмед Йугнекинин “Чындыктар белеги” деген эмгегинин кол жазмасы Стамбулда сакталып туру деп айтылып жүрү. Анда: “Өзүңдүн кеп-сөзүңдү сактай алсаң өзүң сакталасың, эне тилиңерге этият болгула” деп айтылган жери бар дешет.

XIX кылымда жашап өткөн Асан Кайгы көп ырларынын биринде:

“Ынтымак кетсе ыдырап,
Журт башчысы дел болор.
Айткан сөзү жел болор.
Кызыл жибек кырмызы,
Баркы кетип боз болор,
Баасы кетсе улуктун,
Бар адамга сөз болор.
Адыр – адыр ак талаа,
Козголбосо ным болор.
Атадан калган алгы сөз,
Айтылбаса кор болор”
дептир.

“Адамдын көңүлүндөгү ой сөз ал – жалаң гана ой жүгүртүүнүн каражаты. Ал тышкы сөз таасирлери аркылуу өнүгөт. Адамдагы ойлордун бардыгы анын эстутумундагылардан келип чыгат. Илимий ачылыштарга негиз болгон жаңы ойлор да ошондой. Наполеон айткан экен: “Ар дайым бардыгына даяр экендигимдин себеби аларга карата менде мурдатан эле ойлор жетишерлик. Түшкү тамактанып аткан кезим болобу, театрда олтурамбы мен үчүн бардык учурлар иш. Түн ичинде ойгонуп алып,келген ойлорду жазып коюп кайта уктайм” – деп.

Суворов математиканы, географияны, философияны, тарыхты, немис, францус, итальян, поляк, фин, түрк, араб, перс тилдерин билген жана акындык жагы да болуптур. Суворовдун да, Наполеондун да туюм кудуретинин түпкүрү тил жана көңүлдөгү сөз кайрык ой жүгүртүүлөрүнө негизделген.

Меланезий тилдеринин биринде (Океанияда жашаган элдер) банандын 100 түрлөрүнүн ар биринин өз – өзүнчө аталыштары бар экен. А саами элинин тилинде ( Норвегиянын, Швециянын, Финляндиянын, Орусиянын түндүгүндө жашаган эл) муздун аталыштары айтылган 20 сөз, муздакты түшүндүргөн 11, суукту түшүндүргөн 26 сөз бар экен. Океаниянын жаш өспүрүм тургуну банандын 100 түрү бар экендигин, албетте, тил каражат негизинде билет, бирок океаниялыктар өздөрүнүн эне тилинде тек гана банандын түрлөрү айтылган 100 сөз бар экендигинен улам гана ошондойчо түрлөнтүп айтып калышпаган чыгаар. Тескерисинче, ошол банандардын ар биринин өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү жана ошондон улам өз – өзүнчө тулмуштук маанилери болгондуктан 100 түрлүү сөз келип чыккан”.

Кыргыз турмушунда да ушундай мисалар көп. Маселен: жон, кыр, өзөн, сай, өрөөн, күңгөй, тескей, капчыгай, бел, белес, тайпаң, аска, зоо, курбу, көк чоку, көк жар, адыр, кокту, кокту – колот, бөксө тоо, адыр тоо, кырка тоо, тержайлак, жайык төр, жалама зоо ж.б. Тоо арасында күчөп – конуп, артынан сая түшө аска – зоону аралап аркар – кулжа, эчки – телектерге аңчылык кылып жашап келген көчмөн кыргыз турмушунда ушундай көптөгөн атоолор келип чыккан.

Индияда алыскы тоо арасында жашаган хунза деген эл бар экен. Аларда башка элдердеги сыяктуу толгон – токой сөгүшмөй сөздөрдүн бири да жок. Анткени, аларда урушуу, акаарат айтуу деген түшүнүктүн өзү жок. Бири – биринин көңүлүн көтөрүп айканга маш эл. Жаман сөз айтып зээн кейитмей жок. Алды 160, арты 120 жыл жашагандыктарынын негизги себептеринин бири – дал ушул делип жүрөт, англиялык окумуштуунун атайы изилдеп чыгарган тыянагында.

Америка Кошмо Штаттарында индеецтердин өзүнчө чогуу жашаган навахо деген уруусунда да сөгүшмөй сөз жок. Сөз байлыгы өтө мол. Мисалы, бир эле кызыл деген түстүн 122 түрлүү атоолору бар (кызгылтым, кызыл – сары, кочкул кызыл деген сыяктуу). Сөздөрү абдан элестүү. Илим, техника, кибернетика жаатындагы түшүнүктөрдү өз тилинде атап алышкан. Баш – аягы жүз миңче эл. Эне тилинде гезит чыгарышат. Колледждеги сабактар өз тилинде.

31 октябрь 2003 жыл. Радиодон сүйлөп атышат: “сельхозпроизводитель; официальный бизде ушундай установка бар; Населениеден деле беш сомдон; өзүбүздүн поставшиктер бар да; айыл өкмөттөрү список берип койсо; общий эсеп; определенный процент; ошол насостун потребление энергиясы; үйлөр пустой калды; госрегистр подтвердит; айыл өкмөтү подтвердит”. “Өкмөт парламенттин алдында подотчет”, “Мен өзүм лично”, “мына ошолорду тоже в каком то смысле” деп. Бүгүнкү күндөрү ого бетер күчөдү. Аракеттин өзү жок. Айткан, талап кылган, сындаган да эч ким жок.

Сунуш: мамлекеттик тилдин, кыргыз тилинин тазалыгына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзө турган чоң топ түзөлү. Тил күйөрмандарынан турган ал топтун ар бир мүчөсү, мисалы бири радиодон, бири теледен айтылып аткан, дагы бири расмий токтом, чечим, иш кагаз ж.б.сыяктуулардагы, дагы бирөөлөрү окуу китептериндеги тантык сүйлөм түзүлүштөрдү топтоп, талдоого алып, маселе Улуттук комиссияда каралып, иш – чара иштелип чыкса.

Терминология өнүкмөйүн тил, илим, билим, иш кагаз милдетин өтөй албайт. Маселе өтө маанилүү. Казакстанда Терминком түздөн – түз Өкмөттүн карамаганда. “Ана тил”, “Терминологиялык хабар” гезиттеринде, өкмөттүк, өкмөттүк эмес гезиттердин бардыгында терминкомдо иштелип чыккан атоолор жарыяланып турат. Биздин республикада андай эмес. Терминдер китепче болуп чыгарылып, ошо менен чектелүүдө.

Терминдер бардык жерде бирдей атоодо алынышына көзөмөл жүргүзүлүп, катуу талап коюлуп, тил терминологиялык жагынан калыптанышы керек. Ансыз маселе сай – сайлап кете берет. Атайын чечим, өкмөттүк токтом чыгарылып, Терминкомго кандайдыр бир статус берилиши керек.

Кыргыз тилин билүү деген эмне? Мисалы, ушу тапта мен кыргызмын дегендердин баарына өтүнүч же өмүр баянын жаздырып көрсөк, токсон пайызы болбосо да, сексен пайызы (жазуучу, акын, журналисттен, тилчилерден башкалары) сабаттуу жаза албайт. А мамлекеттик тил деген деңгээлде болуу үчүн сабаттуу жаза да сүйлөй да билүү зарыл.Чулдур тил мамлекеттик тил боло албайт.

Тарыхий кыргыздар жана азыркылар, айырмасы канчалык? Элибиздин азыркы абалы эмне деген абал? Коомдук аң – сезимде, турмуштук түшүнүктөрдө, сөздү айта билүү, уга билүү жөндөмдүүлүктөрдө эмне деген өзгөрүүлөр бар, калыптануубуз туура багыттабы же аны ойлонуунун өзү жокпу? Деги, бүгүнкү кыргыздар кимбиз? – Дилибиз, ниетибиз, пейилибиз, ой жүргүзүүбүз, сөз дараметибиз, уга билүүбүз, айта билүүбүз кандай болсо, ошондойбуз.

Биз улут катары жетилген элбизби, мисалы Балтика жээгиндеги бизден да аз элдерге окшоп. Деги эле улут деген эмне? Тили бар, мекени, турмуш – тиричилиги  чогуу, өздөрүнө таандык өзгөчөлүү жактарына ыкташкан маданият жана кулк – мүнөз негизде калыптанган элдик тарыхий жалпылык. Демек тилин, маданиятын өнүктүрүү, ошол негизде жалпылыгын сактоо, мекенин коргоо, биргелешип жашоосун жакшыртуу, мамлекетин өнүктүрүү аркылуу гана улут улут бойдон сакталып, өзгөчөлөргө жем болбой өз өзөгүндө өнүгө алат.

Идеология деген эмне? – Улуттун улут катары өнүгүшүнө руханий өзөк, жаназык. Көрөңгөсү каякта? Элибиздин өзүндө, каада салт нарк дөөлөттөрүбүздө, касиеттүү Манас дүйнөсүндө, коңур добуш комуз күүлөрдө, ташка тамга баскандай макал – лакаптарыбызда, уюткулуу улама сөздөрүбүздө, эл жакшыларынын, эл керегине жарачу эразаматтардын кадырына жетип, бийликке татыктууларды тандап, билимибизди, маданиятыбызды, эне тилибизди, сөз чеберчилигибизди өнүктүрүп жана көңүлдөгү ойду, турмуштук миң түркүн маселелерди айтууда сөз байлыктарыбыз канчалык мол, аларды канчалык таамай пайдалана алсак, өнүгүү өзөгүбүз ошончолук түпкүлүктүү болорун түшүнө билүүбүздө.

Адам дем алып, жүрөк канын кислород менен каныктыргандыгы сыяктуу эле, сөз – адамды адам кылып сактап турган улуу күч. Ар бир адам сөз жөндөмдүүлүгү жагынан өзүнчө инсан. Сөз аркылуу таанылат, таасирленет, таасир этет, куштарланат, өсөт, өнүгөт жана ушунун өзү өнүгүүбүзгө өзөк.

Сөз жетимсиребесе – эл күчүнөн тайыбайт, нарк сакталат. Жандүйнөсү, намысы канчалык түптүү болсо, ал эл ошончолук күчтүү. Элдин элдигин сактоодон ашкан ыйыктык жана элдин элдигине зыян келтирүүдөн ашкан чыккынчылык жок.

Элди ойлоп, жерди ойлоп, кыргыз элинин эне тилин, келечегин ойлоп санааркагандар эл арасында көппү, азбы? Же кыргыздын кыргыз тагдыры, балдары, балдарынын балдары, андан аркылары тамырынан ажыраган, өзөгүнөн соолуган эл болуп калбаса экен деген ой түшүнүктөн оолактар арабызда көпчүлүк болуп, алар ого бетер көбөйүп бараткан абалдабызбы?

Жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылгандардын  деңгээлинен ары аша албай, айткан дегенинин баары ошо менен чектелип калгандар көппү, азбы, көбөйүп баратабы же азайып баратабы?

Турмушта эмнелер болубатса, алардын ар биринин таасири болбой койбойт. Батыш тараптын таасиринен коргоно алабызды же бул болушунча боло бериши керекпи?

Кыргыз мамлекетинде кыргыз элинин эне тилин эл оозунда өнүктүрүү, сөз маданиятын калыптандыруу, эки сөздүн бири орусчаланган чулдур тилден, тил ыпыластыгынан тазалануу деген талап, саясат колго алынган күн болобу? Дүйнө жүзүндөгү эл аттуунун бири калбай бардыгы өздөрүнүн тилин сактоо, өнүктүрүү дегенде жанүрөп аракет кылып атышса, кыргыздын эл башчылары курулай сөз айтып, көңүл жубатын, элин алдан жүрүп атышканы кандай? Эне тил жагынан кыргыз элинин арманы токтогон заман келеби же тилибизден, дилибизден кол жууп, көңдөйлөнүп тынабызбы? Теледен, коомчулук жайларда, өндүрүштүк жыйындарда эне тилинде таза, сабаттуу сүйлөй алган мамлекеттик кызматкер жок. Академик, сөз атасы Түгөлбай Сыдыкбеков ушул абалды улуттук трагедия деп атаганы бар. Демек ушул абалдан арыла албасак анда сөзсүз түрдө улут болуудан, эл болуудан каларыбыз анык.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.