Атанын балдары бириккиле!

Автор: sarymsakov, July 30, 2012

Жакшынын жакшы, жамандын жаман, бузукунун бузуку, асылдын асыл экендиги канткенде таанылат, тандалат, иргелет, адамдардагы акыл эс канткенде келечекке түздөлөт, канткенде коом тазаланат, эң башкысы, эл жакшылары, атанын баласы дешке анык татыктуулар канткенде биригет, күчтөнөт?

“Атанын балдары, бириккиле!” делип ураан чакырык маанисинде талдоого алынып, “СУПЕР Инфо” гезитине Зайыров Сабырбектин макаласы чыгыптыр (6 – 12.IV. 2012). Окугула, ойлонгула, түшүнгүлө. Нечен жүздөгөн жыл мурда дүйнөлүк аалымдардын бири айткандай, “ызырынбай, ыйлактабай, түшүнүү” гана керек, коомубуздагы азыркы абалга, албетте ошону менен токтоп калбайт.

Аталарды уят кылбаган, намысын алдырбаган, сатылбаган элжүрөк эр азаматтардын биригүүсү тарыхий зарылчылык болуп турган кырдаалдабыз. Кандайча?

Кыргыздын кыргыз мурас дөөлөт пайдубалын түптөгөн улуу акылмандардын айткандары, ак тилек асыл иштери, үмүтү акталдыбы? Жок. Өз кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлө албагандар, эл энчисин тоногондор, кыргыз келечегин тебелегендер актамак беле. Амалкөйлүгү ашынгандардан, жылмалап сүйлөгөнгө машыккандардан, бөлүп – жарып ичтен ириткендерден элге жакшылык болмок беле. Ошолордун айткандарына муюгандар да аз эмес. Өзүнө өзү корстон болуп, курулай опурулгандар бар, эл арасында. Булар немисче филистерлер деп аталып: өздөрүндөгү көңдөйлүктү даанышмандык, кеменгерлик катары баалап, өздөрүн чексиз бактылуу сезгени менен, чын – чынына келгенде барып турган бактысыздар, деген түнүшүктү билдирет.

Жүздөн ашык партия партия болуп бөлүндүк. Саясат дегендин өзү элди, коомду келечекке багыттаган күч эмес эле, көбүрүп – жабырган көчө сөзгө, алдамчылыкка айланды. Эки кишинин башы кошулган жерде курулай саясий ушак.

Эсимде, өткөн кылымдын кыркынчы жылдары. Кыш айлары аяктап, жадырап жаз келип, айылдагылар күн чубактап баарлашып олтурганда, ушакчы атыккан бирөө келатса, тиги келатат, тургула кеттик деп тарап кетишчү. Жүзү курусун деп ууру менен ушакчыны, мактанчаакты, көйрөң адамды, көп сүйлөгөн маңыздарды эл жек көрчү. Эми ойлосом, элибиздин элдик нарк дөөлөтү ошол кезде сакталуу бойдон тура.

Азыр адамдарды баалоонун өзү башкача болуп баратат, “оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” болуп, далай адамдар ошолордун оозун карап, ошолорду ээрчип, айтканына көнүп. Натыйжада коом каршылашуулардын, динден баштап, тил, тарых, атүгүл касиетүү Манас дүнүйөсүнө чейинки маселелерде бөлүнүп – жарылуулардын сазына батты окшойт.

Тележурналистикада иштеп жүргөн кезим. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдары. Бишкек шаарына жакын, тоо этегиндеги айылдардын биринде өзүбүздүн эле карачечекей кыргыз кыз келиндерибиздин бир нечеси кайсы бир сектага кирип алышкан экен. Эки тараптан тең кишилер, айыл аксакалдары чогулат дегенинен атайы бардым. Карыялар: айылдан кеткиле дегенге чейин катуу айтып, сестендирүүгө аракет кылышты эле, кыздар моюн бергидей эмес, кошо айтышып. Сектанын өкүлдөрү бир автобус болуп келишкен экен, жактап, коргоп чыгышты. Болгонун болгондой кылып, мурда да тасмага түшүрүлгөн, көргөн көзгө ишенүүгө кыйын маалыматтар бар эле, аларды да кошуп, обого чыгарсам, бир нече ай бою телефон аркылуу: “тебе не жить, ты покойник” делип, балдарымдын да үрөйүн учуруп, акыры унчукпай чыдап кутулгам. Андан бери он жети жыл өттү. Дагы эле тазалана элек экенбиз. Атүгүл күчөп баратыптыр, КТРден айтылып атат.

Кыргыздарды аң-сезимдик деңгээлде бөлүп-жарсак, алсыратсак, ар-намызсыз эл кылсак дегенде эки көзү төрт ички да, тышкы да душмандардан арыла албасак, алар ээн жайкын аралай чаап эл арасында өздөрүнүн бузукулук иштерин уланта беришсе, жан дүйнө деп аталган эң талуу маселеден алдырып койсок, эл болгонубуз кайсы.

Сабырбек мырзанын макаласында: “Ички душмандарыбыз: элди бөлгөндөр, ичип-жеп, өлкөбүздү куруткандар… бийлигиң болсо, байлык болот, байлыгың болсо, бийлик болот деп жашагандар… куралы – куу амал, калп, элди бузуу” деп болгону болгондой айтылыптыр.

Теке маңдай айкырып чыккан душманга каршы кыргыз түп көтөрүлө тикесинен тик туруп жеңген учурлардын баары карт тарыхта айтылуу. А азыркы душмандар – ичтен жеген курт. Айла-амалга, алдамчылыкка  машыккандар. Булардан кутулуу оңой эмес. Бир гана арга: Эл, Жер, Мекен келечегин ойлогон аруу тилек атуулдар, анык аталардын балдары бир максатка, улуу максатка биригип, бүт калайык калкка арка бел болуп, дем бергендердин карааны калың болгон шартта гана жашоо турмушубузда жакшылыктын жарыгы жанат.

Атанын балдары бириккиле! Зайыров Сабырбектин ушул урааны жүрөк сезимдерден түнөк табарына ишенем.

Один комментарий

Көкүрөктөгү нерселер жазылыптыр, акыры бар экенбиз го. Чогуу күрөшпөсө болбой калды. Чогулалы!

Автор: Жалил, дата: Monday July 30th, 2012 06:17 AM. Reply #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.