Баары сөздө уюган, сөздө сыр болуп катылган

Автор: sarymsakov, July 23, 2012

Кыргызды кылымдар бою кыргыз бойдон сактап келаткан сырдуу, касиеттүү улуу күч, бул — Сөз. Сөз баарынан улуу. Баары өлөт, өзгөрөт. Таамай сөз, таасирдүү сөз, акыл сөз Асман, Жер, Ай, Күн, Аалам сыяктуу түбөлүк. Андай сөзгө өлүм жок. Айталы дегенибиз — сөз жөнүндө, кыргыз сөзү жөнүндө сөз.

Байыркы Египет эли биздин заманга чейинки 3-2-миң жылдыктарда фараондорунун (падышаларынын) табыттарына кээ биринин бийиктиги 146,6 метрлик пирамида курушту.

19-кылымдагы техникалык жетишкендиктер даңазаланып, Парижде бийиктиги 300 метр Эйфел мунарасы турат, асман тиреп заңгырап.

Байыркы кытай элинен түбөлүккө эстелик болуп биздин заманга чейинки 3-кылымда курулган, узундугу 5 миң километрден ашыгыраак, бийиктиги кээ бир жеринде 10 метрлик кытай сепили турат, бул элдин өжөрлүгүн далилдеп.

Москвада 1156-жылы башталып, Съезддер сарайы делип 1959-61-жылдары курулуп бүткөрүлгөн Кремл курулуштары турат, орус элинин архитектуралык дараметин даңазалап.

А биздин байыркы бабаларыбыз элибиздин жандүйнөсүнө түбөлүк жаназык болсун деп сөздөн таалим-тарбия казна куруп калтырды. Манас дүйнөсү — байыркы гана эмес, дайымкы ой, нарк, салт-дөөлөт, сөз сепили. Бизде баары-баары сөздө уюган. Сөз — улуу сыр. Кыргыздын кыргыз касиети, элибизде эмне ыйык болсо ошолордун баары эне тилибизде, оозеки сөз нарк-дөөлөтүбүздө. Эгерде бүгүнкү күндөрдө, дээрлик кылымга тете соңку замандарда өзөккө зак кетип солгундап бараткан болсок, ал деген — элибиздеги эң башкы ыйыктык, Сөз жетимсиреп, кор болуп кордолуп аткандыгынын кесепети, кыргыз тили бөтөн сөздөргө тебеленип, ошонун кусуру уруп аткандыгы.

Көрүнүктүү чыгыш таануучу — түрколог, этнограф, “Манас” изилдөөчү Василий Васильевич Радлов (1837-1918) кыргыздардын ошол замандагы сөз кудуретине таңгалып мындай дептир: “Кыргыздар өздөрүнүн түрк улутташтарынан укмуштуудай сүйлөө чеберчилиги менен айырмаланат. Жөнөкөй эле сүйлөшүүлөрдөгү сүйлөмдөрү уйкалышып, ыр сыяктуу таасир калтырат. Сөздү айтканга да, укканга да кумарланган эл. Сөз баштаганда ага чейин кыжылдаган эл мемиреп үн катпай кулак төшөйт. Чечендиктен чексиз ырахат алып, сөз күчүн бу жарык дүйнөдөгү эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалайт. Кыргыздардын элдик поэзиясынын өтө өнүккөндүгүнүн табияты ушунда”. Константин Кузьмич Юдахиндин (1890-1975): “Кыргыз тилин изилдеп, бүт жандүйнөм арбалып чыга албай калдым, өзүнчө бир сырдуу касиети бар экен” маанисинде айтканы жөнгелди сөз эмес.

Бир жолу телевизорду ача салсам, бир кыргыз сүйлөп атат “Аябай крайне тяжелый больнойлор”, “Чүй облусу боюнча хранениебиз бар” деп. Мындай мисалдардын баарын айтсак түгөнбөчүдөй абалдабыз. Ким билет, мунун өзү намысыбыздын кеткениби, атайылап жасалып аткан сырткы таасирлердин жеперибизге жеткениби, кыргыз болуп төрөлүү оңой болгону менен, кыргыз болуунун кыйындап баратканыбы, ушул тагдыр маани-маселеге мамлекеттик, мамлекет башчылык деңгээлде маани берилбегендикпи, айтор кандай болгон күндө да, бул деген — кыргыз элинин жандүйнөсүн жабыркатып аткан руханий илдет. Айыгышыбыз керек. Касиеттүү Манасты, “Манас” дастанын жараткан уюткулуу сөз кудуретибизди соолутуп алсак, Улуу Күчтүн каарына калганыбыз ошол болот. Баары Сөздө уюган, Сөздө сыр болуп катылган.

“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.02.2010-ж.

Один комментарий

Туура, библияда да ушундай айтылган: “Вначале было Слово” деп, Сөз баарынан ыйык, улуу

Автор: Айку, дата: Tuesday July 24th, 2012 06:21 AM. Reply #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.