Жапониядан келип-кетип аткандардын…

Автор: sarymsakov, февраля 29, 2016

Жапониядан келип-кетип аткандардын: “берекелүү, ырыскылуу жериңер, мекениңер бар туруп, бардарчылык абалга жете албаганыңарга түшүнбөйт экенбиз” деп айткандары жөн гана ооздун жели эмес, аздан көптү, жоктон барды жаратып, акылдын күчү менен жер, кен байлыктарга өтө жарды өлкөсүн өнүктүргөндөрдүн байкап баамдап айткан сөзү.

Республикабыздын өнүгүшүнө социалдык да, жаратылыш байлыктар жагынан да мүмкүндүктөр толук жетишерлик. Санап, тизмектеп айтсак гезит бети чак келбейт. Ар бир ишти орундуу жүргүзүү деген гана башкы маселе бар. Андай болбогон күндө өз – ара шартталган өз – ара байланыштуу мамлекеттик тармак – тармак татаал маселелердин бир жагы оңуна келтирилсе, экинчи жагы эңшерилип, өлкө кыйынчылык абалдан чыга албайт.

Бабалар заманында: “бу кеңирсиген кең Чүй – жер сорусу тура, куу таякты сайып койсоң, дүпүйгөн бай түп дарак болгудай кут даарыган өрөөн экен” делип аңыз болуп айтылып келген Сары – Өзөндүн бүгүнкү абалы кандай?

Алды-артыбызды карабай, эртеңибизди ойлобой, эң башкы байлык жер экендигин албай, аздыр-көптүр эптеп түшүм алынса болду деп түбөлүктү күнүмдүккө тебелетип жашап атабыз.

Дыйканчылыкка да, мал чарбачылыкка да куп келишкен Чүй жергесинин кутун качырдык, берекесин кетирдик. Соңку 20 жылда Чүйдө 10 миң гектар жер жарактан чыкты, биротоло болгондо да сугат жерлер. Ушу тапта 55,6 миң гектар жерди саз, шор, камыш басты. Неген миңдеген гектар, берекелүү түшүм алынып аткан сугат жерлерге шыкырата үйлөр салынды. Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө мындай жорук жасалбайт. Сугат жер – алтынга тете. Сугат жер – муундан муунга уланган келечек, эл журтубуздун азык-түлүк келечеги.

Эми “болору болду, боесу канды” дештен башка арга жок. Кайсы бир аалым айткандай “ызырынбайлы, ыйлактабайлы, түшүнөлү”, келечекке түздөнөлү, мамлекет тарабынан да, эл тарабынан да эске алына турган маселелерден кыя өтпөйлү.

Облустун аймагында чарбалар аралык коллектордук кургаткычтар – 576,6км. Анын 14 километри (25%зы), чарбалардын өзүндөгүлөрдөгү 3443,7 километринин 1299,6 километри (38%зы) жараксыз абалга жетерине аз калды. Жыл сайын алардын ачык түрүндөгүлөрүнүн 500 километрин, жабык түрүндөгүлөрүнүн 400 километрин тазалап туруу керек болсо, болгону 50-60, экинчисинин 20-30 километри гана тазалануула. Бул деген – бара-бара биротоло колдон чыгат деген сөз.

Адистердин эсеби боюнча коллектордук кургаткычтарды жарактуу абалда кармап турууга жыл сайын 134 миллион сом талап кылынса, бүгүнкү күндө болгону 8-12 миллион сом жумшалууда. Бул деген зарылчылыктын – 9,5 гана пайызы.

Чарбалардын өздөрүндөгү коллектордук кургаткычтарды ишке жарактуу абалда кармап туруу иштери Суу пайдалануучулар ассоциациясынын өздөрүнө жүктөлгөн. Аларда болсо буга акча каражат, гидро-техникалык адистер жок. Ошентип акыры ички чарбалык кургаткычтар биротоло жок болот. Миңдеген гектар жерлер былкылдаган сазга айланат, камыш басат, керектен чыгат, айыл эли шаарды көздөй агышат. Жумушсуздардын катарына кошулуп, көчө сагалайт. Алдым- жуттумчулук айла-амалданып байлыкка ээ болгон көңдөй саясатчыларга аларды каалаганындай пайдаланууга мүмкүндүк түзүлөт.

Чүй боорундагы 321 миң гектар сугат жер миңдеген гектарлап жылдан жылга четинен керектен чыгып жүрүп олтурса, жер семиркичтер жакшылыктуу колдонулбаса, которуштуруп айдоо аркылуу жердин күрдүүлүгү калыбына келтирилип турбаса, жыл сайын жер бир эле тереңдикте айдалып, коңторуп айдоо ыкмалары жүргүзүлбөсө, агызып сугарылып жер кыртышынан гумусу жуулуп кетип атса, натыйжада айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү эки эселеп азайып атса, кеңирсиген кең Чүй деп ата бабаларыбыз таазим эткен, кечээ эле жакында мол түшүмдүү эгин, гектарынан 600 центнерден ашыктан кант кызылча алынып жүргөн, жашылча мөмө жемиштүү Сары-Өзөндү бозоргон боз талаага айландырып алсак, өзүбүздүн гана эмес, кийинкилердин, уул-кыздарыбыздын, урпактарыбыздын келечеги не болот?

Ушу тапта мындан 20 жыл мурдагы кездердегиге салыштырганда мелиорация иш-чараларына 30 эсе кен каражат жумшалууда. Бир эле ушул факты көзгө сайгандай баарын айтып туру.

30.07.2012-жылы терилген экен.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.