“Биригүү тилектештиги” идеологиясы: философиялык өзөк

Автор: sarymsakov, февраля 25, 2016

Идеология дегендин өзү эмне, бул сөзгө эмне деген маанилер камтылган?  Кайсы бир маалыматтарга караганда бул аталыш, түшүнүк ХVIII кылымдын аягында XIX кылымдын башында айтыла баштаган. Дестюта де Траси “Ой жүргүзүү жөндөмдүүлүк жөнүндө этюд” деген эмгегинде кеңири колдонуп, идеялар жөнүндөгү илимди чечмелеген, мүнөздөгөн. Кийинчерээк “Идеология элементтери” деген чыгармасында идеология түшүнүгүнүн бардык жактарын текши айтып баяндаган. Анын айтымында, идеология деген бул – идеялар жөнүндөгү, алардын кандайча келип чыгары, адамдын ой жүргүзүүсүнүн мыйзамдуулуктары туурасындагы илим. Бул илим, табият илимдери кандай так болсо, дал ошондой болушу керек, деп эсептеген Дестюта де Траси.

Идеологиянын ички түзүмдөрүндө көз караш маселеси маанилүү орунду ээлеп, идеологиянын ар кандай жактарынын жана түрлөрүнүн бирине да кошулбай туруп, анын маани-маңызын аныктап турат.

Идеологиянын жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү үч негизги багыттарга ылайыкташылган абалда. Биринчиси – идеологиянын социалдык-экономикалык шартталгандыгы жөнүндөгү мыйзам ченемдүүлүктөр жана кайрадан коомдук табитке өз ара таасирликтер; экинчиси – анын саясат, адеп-ахлак, илим, социалдык психика жана башка ушул сыяктуулар менен  байланыштуулук жана өз-ара таасирликтер; үчүнчүсү – жаңы жана эски идеялар ортосундагы карама-карышылыктар, мураскерлик баалуулуктар, идеологиялык түрлөрдүн өз-ара таасирлери сыяктуу мыйзам ченемдүүлүктөр. Идеология изилдөөгө, кызуу талкууга алынбаган бир дагы өлкө жок.

“Келечек идеялар императоруна таандык” (Уинстон Черчилль); “Сааты келген идеядан күчтүү эч нерсе жок” (В.Бого). Академик А.Н.Крылов (1863-1945): “Кандай гана турмуш жүзүндөгү иш болбосун андагы идеянын өзү болгону 2ден 5ке чейинки гана пайызды түзөт, калган 95-98 пайызды –ишке ашыруу, аткаруу”.

Биригүү тилектештиги!

Биригүү деген эмне? “Эгерде өз-өзүнчө бөлүктөрү мезгил жана мейкиндик алкагында жанашып турганы менен, ички маани-мазмуну айкалышпаган болсо, ал – механикалык бир бүтүндүк. Мындай бир бүтүндүктүн бөлүктөрү сырт жагынан туташып турганы менен, өз-ара жат” (Михаил Бахтин).

Ички маани-мазмундук биримдик бул – идеялык, идеологиялык биримдик. Максатташтык биримдик. Сапаттык биримдик. Байыркы бабаларыбыздан бери укумдан тукумга улантылып келаткан кыргыз элдик нарк дөөлөттөрдүн үзүлгөнүн улап, чачылганын курап муундан муунга мурастала беришине жетишүүнү көздөөгө алган биримдик.

Тилектештик деген эмине? Жакшы тилек – жарым ырыс. Ишке ашса толук ырыс. Аруу тилек – адамга жаназык. Тилеги жакшынын ниети ак. Калоо-тилек канчалык күчтүү болсо, адамдар ошончолук дем күтөт. Ата бабаларыбыз байыртадан ак батасын, ак тилегин жар салып жашап келген болсо, азыркы XXI кылым заманында кыргыз аталардын балдарына тилектеш болуудан башка түпүлүккө түз жол жок.

Өлкөбүздө бүгүнкү күндө дүнүйөнүн кулу болгондор көбөйдү. Дене кумарына жетеленгендердин зыяндуулугу күчөдү. Канткенде бабалардан мурасталган улуулукту сактайбыз? Эзелтеден эл оозунда айтыла жүргөн “Падыша бийлигинен салттын күчтүүлүгүн” кантип кайрадан элибизге жалгай алабыз? Кадыр барктуу, сөзүндө кут, ишинде идирек, дили таза, эл кызыкчылыгын туу туткан, кыргыз элдик нарк дөөлөттөрдү барктап, кыргызды кыргыз келечегине түздөй алган салт, жөн билгилерсиз бийлик эл кадырына жете албайт, эли менен эриш-аркак боло албайт. Баары өзөктөн жанат, өзөктөн өнөт, өзөк соолуса өсүү, өнүгүү болбойт. Республикабыздын социалдык өзөгү – кыргыз эли. Кыргыздар тилинен, дилинен, салттуулугунан  алсырабаш керек. Айтылып өткөндөй идеянын өзү, мисалы “Биригүү тилектештигиндеги” идеялар алтындын баасындай болуп, маселенин 2ден 5ке чейинки пайызын түзсө, калганынын баары иш жүзүндөгү изденүүчүлүк иш-чаралар, жоопкерчилик, сан жагынан ийине жетип, сапатка бет алуу, коомчулуктун көңүлүнө арзуу, шайлоолордо жеңиштерге жетүү, элди улуу келечекке багыттай алган саясий элита болуп биригүү, чындык пайдалуу болгон шартта ган коом өнүгөрүнө, тазалык болоруна таянуу, чындыктан тайбоо. Кайсы бир аалымдын айтканы: “талаш-тартыш чындыкты таасындаганга караганда, көбүнчө аны тумандатат. Чындык ээн ойлонуп жетилет. Ошондо талаш-тартышы жок эле кашкайып чыга келет”. Дагы бирөөнүн: “нечен жылдар бою жалгыздап жасалган изденүүлөргө караганда, сырткы таасирлер: жакшы китеп, жакшы пикир алышуулар алдаганча артыкчылыктуу” деп айтканы бар.

“Биригүү тилектештигинин” иштелип чыгышында бул жерде айтылган эки зарылчылыктын экөө тең бар. Бул өзү – биригүүнүн, тилектеш болуунун талаш-тартышка коюлбай турган идеологиясы, стратегиясы. Буга чын дили менен ынангандар биригип, санаалаш саясий күч болуп, өздүк өнүгүү  жолунда өзгөлөргө өрнөк болуп, элибиздин, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошо алат.

Өлкөбүздө өнүгүүгө табигый да, социалдык да мүмкүнчүлүктөр толук жетишерлик. Азыркы ыпыластыктардан тазалануу деген бир гана маселе бар! “Биригүү тилектештиги” идеологиясын ишке ашыруунун, дөөлөттүү кыргыз мамлекетин куруунун, жашоо бактылуулуктарына жетүүнүн философиялык өзөк-өңүттөрү: сандан-сапатка өтүү; ички жетилүүлөргө негизденүү, өз-өзүнчөлүктөрдүн бир бүтүндүк табиятына, ич-ара байланыштуулуктарга, шарттуулуктарга таянуу; адамдардын өздөрү көйгөй жана көйгөйлөрдү чече тургандар да адамдардын өздөрү экендигине негизденүү.

30.07.2012-жылы терилген экен.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.