Кыргыздын эне тил табияты

Автор: sarymsakov, Январь 1, 2013

Улуу муундагылар кимдер, кай курактагылар дегенде өткөн замандын, азыркы жашоо турмуштун өйдө-төмөн жактарын көргөн-билген, жетимишти ортолоп калган өз курагымдагылар жөнүндө айтканым жөндүү болор.

Заман-заманга тогошуп, оокат тириликтин өзөгү өзгөрүлүп атканы – тарыхий мыйзам ченемдүүлүк окшобойбу. Ондогон жылдар бою советтер союзу болуп жашадык. Тарыхты, чындыкты тана албайбыз, мүмкүн эмес. Ал кезде Ленин, Фрунзе атындагы заводдор, өлкөбүздүн түндүгүндө да, түштүгүндө да далай ири ишканалар иштеп, дыйканчылык өнүгүп, ирригация, мелиорация, жердин күрдүүлүгү, которуштуруп айдоо көздүн карегиндей сакталып, уяң жүндүү койдун саны 11 миллионго жетип жумушсуздук деген эмне экендигин эл билчү эмес. Алыскы кыштоолордо, кой, сүт товар фермаларынын бардыгында электр жарыгы жаркырап жанып турчу, ал кезде. Азыркыдай жалп этип өчүп калган, өчүрүп салган учурлар болчу эмес. Азыркы Өкмөт үйү, Тарых, Сүрөт музейлери, миңдеген адамдарга оокат очогу – Ош базары жана башкалар ошол кезде курулган. Турдакун Усубалиевдин, Апсамат Масалиевдин уюштуруучулук жетекчилик опол жоодой эмгегин тануу, жокко чыгаруу эч кимдин колунан келбес жана антүүгө аракет кылуунун өзү – барып турган адепсиздик, пастык, тайкылык болуп калат.

Кыргыздарга кесепеттүү тескериликтер да болду. Эскинин калдыктары делип элибиздин миңдеген жылдар бою калыптанып өнүккөн далай каада салт нарк дөөлөттөрү үзгүлтүккө учуратылды. Советтик жашоо образы, түпкүлүгүндө бир тилдүү бир бүтүн, тарыхий жаңы жалпылык – совет эли деген эл болуп жашайбыз деген жасалма, азгырык идеология болушунча болду. Иш кагаздарынын бардыгы орус тилинде жүргүзүлүп, өтүнүчүң орус тилинде дурустап жаза албагандар кызматка алынчу эмес. Жалаң кыргыздар жашаган Нарын 1970-жылы кайрадан облус болуп уюшулганда бардык иш кагаздар орус тилинде жүргүзүлсүн делип, абдан кыйынчылык абал түзүлгөн. Коомдук, мамлекеттик иштердин бардык жактарын орус тили ээлеп, орусча сүйлөө, орусча жазуу кыя өтө алгыз зарылчылык болуп, кыргыз тилине кайдыгерлик күчөп, ошондой абалдан ошол кезден ушул кезге чейин арыла албай келебиз, Кыргызча сабаттуу  сүйлөй албай, кыргызча орусча чалмакей салгандардын катары дагы эле көбөйүдө. Өзөккө түшкөн өрт жаман, өздөн чыккан жит жаман. Кыргыз болуп төрөлүп, кыргыз боло албаган жаман. Бүтүндөй бир элди ушундай абалга дуушар кылган абал жаман. 1980-жылдары жазуучулардын кезектеги чоң жыйынында муну, академик Түгөлбай Сыдыкбеков улуттук трагедия деп атаган. Эгерде  трагедияны кыргызча “каран түн” десек, анда ал караңгылыкка шоола чачкан азыркы аракеттердин жалпы элдик жана коомчулук тарабынан колдоого алынышы – тарыхий зарылчылык экендиги талашсыз.

Эне тилибиздин жетимсиреген абалга дуушар болушунда интеллигенция өкүлдөрүнүн далайы күнөөлүү. Кыргыз тилинин коом, мамлекет, илим, билим, иш кагаз иштеринде өнүгүшүнө жол бербеген тил саясатына каршы тура албаган улуу муундагы, айрыкча мамлекеттик кызмат, бийлик чөйрөсүндөгү интеллигенция өкүлдөрүндө күнөө чоң. Кыргызга, кыргыз тилине кыргыздардын өздөрүнөн башка ким күймөк эле. Элибиздин эне тили жагынан жылдан жылга татаалдашып, өтүшүп бараткан абалды оңуна келтирүү демилгелери, өлкөбүздө элибиз менен эриш-аркак жашап аткан орус элинин аттуу баштуу адамдары тарабынан колдоого алынып, маалымдоо каражаттары аркылуу калыстык сөздөр айтылып турса, атаганат абал азыркыдан таптакыр башкача болмок. Ыраазычылык сезимдер өз натыйжаларын бермек. А андай болбогон кырдаалда чечкиндүү күрөштөн, эне тил таламыбызды талаша билүүдөн башка арга жок.

Кыргыз интеллигенциясынын ушу тапта жетимиш таянган жана андан жогорку жаштагыларынын, элибиздин эне тил кызыкчылыгын көздөөгө алып жасаган маанилүү салымы – бул кыргыз тилинин мамлекеттик тил делип, Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам кабыл алынуусуна жетише алгандыгы. Бул жерде ошол кездеги парламенттин спикери Медет Шеримкуловдун эмгегинин, саясий ыкчылдыгынын үзүрү чоң. Бул кишинин ачууга алдырбагандыгы, ар дайым  таамай, таасирдүү жүйө айтып, маселени оңуна оодара билгендиги өз натыйжаларын берди. Дүркүрөгөн, далайга созулган кол чабуулар менен коштолуп, бир добуштан мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынды. Ошол күнкү дем өчүрүлбөшү керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Мамлекет башчылыктар тарабынан көп тескериликтер жасалды. Кемеге башында кейиштен майнап чыкпас.  Айтылчу арман сөз көп. Эми орто жана андан  кийинки муундагылар создөн ишке, чечкиндүү чараларга өткөнү жакшы. Улуу муундагылар кыргызды кыргыз кылып сактай турган элибиздин эне тил маселелери жагынан Жогорку Кеңешке, Өкмөт жана мамлекет башчыларына, кыргыз тилинин азыркы абалына жаны ачыбагандарга, эне тилине кайдыгерлерге, маселеге маани бере албагандарга айтар сөзүбүздү айтпай кое албайбыз.

Оюндагысын, сезим туюмун өз тилинде так, таамай, таасирдүү айта албаган адамдар канчалык көбөйгөн сайын, ал элден келечек ошончолук оолактай бере тургандыгы тарых жүзүндө тастыкталган чындык. Баары сөз таасиринен башталат.

Кенжалы Сарымсаков – “Кыргыз тили”
төш белгисинин алгачкы ээси,
журналисттердин мамлекеттик тил
боюнча республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү.
“Көк Асаба”, 26.12.2012-ж.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.