Кенжаалы САРЫМСАКОВ, журналист, тил жаатында 40 жыл ТВде иштеген: «Мени айтчы, мени айтчы» деп сөздөр сагаалайт

Автор: sarymsakov, сентября 18, 2012

– Эми саясатчылардын аты-жөндөрүн айта албайм, жетимишке чыккан карыямын да. Жалпылап эле айтайын. Мынабу, элдин жетекчиси катарында кабылданган адамдар ар дайым так сүйлөбөсө, өтө зыяндуу. Кыргыз тилинин кутун качырган сөздөр күчөп колдонулуп атат. Мисалы, «четке кагып»  дешет, отрицает дегенди, туура эмес которушкан. Кактырбай эле башка сөздөр колдонсо. «Толук кандуу» деген сөз, биртоп болду, ушунчалык жайылып кетти, кыргыздар «кан» кошуп сүйлөгөн эмес. Анан «таанышып алыңыздар» дешет, кабардар болуңуздар, билип коюңуздар деген сөз так, даана турат, сагаалап, «мени айтчы, мени айтчы» деп, бирок ошого карабай «таанышып алыңыздар» эле дей беришет. Дагы бир сөз  «бутуна туруп» дегенди айтышат, башка деле кыргыздин сөзү толуп атат да.  Эми кийинки кезде, эки үч айдай болду го, мынабу депутаттардан башталды деп байкап калдым, «мен ойлойм» деген сөз эл оозунда ушундай чагылгандай тарап баратат. Эки сөзүнүн бири эле «мен ойлойм». Анан дагы бир сөз бар, мынабу жыйындарда «уруксат этиңиздер, уруксат этиңиздер» дешет. Жөн эле айта бериш керек да. Ушунчалык көп колдонушат. Кыргыз тилинин өзөгүнө тим эле бир балта чаап атышат. «Баланчага сөз берүүгө уруксат бериңиздер» дешет. «Чакырууга уруксат этиңиздер» дешип… Ой ушу уруксат сурап отурбай эле айта бербейби. Бул майда барат деле эмес, бара-бара тилдин кутун качыра турган нерселер.

«24.KG» МАнын кыргызча баракчасы жүргүзгөн
“Тил маданиятына келгенде,
кайсы саясатчы көп алешемдик кетирет?
”,
деген темадагы сурамжылоого жооптордон.

Сурамжылоого жооптор толугу менен бул жердеhttp://kyr.24.kg/koom/til-madaniyaty-na-kelgende-kajsy-sayasatchy-ko-p-aleshemdik-ketiret

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.