Айла-амалга баткан коом акыры жарылат

Автор: sarymsakov, августа 24, 2012

Күн сайын өткөрүлүп аткан ондогон миң окуу сабактардан баштап, теле-радио, гезит жана парламентке, адамдар ортосундагы мамилелерге чейинкилердин бардыгындагы эң башкы маселе бул – сөз таамайлык, сөз таасирдүүлүк. Адам адам болуп, акыл эс заманы башталгандан берки аң-сезимдик өнүгүүнүн өзөгү – ой жана сөз. Сөздү сөз, ойду ой козгойт.

Адамдар бир эле учурда эки дүйнөдө жашоо кечирет деген түшүнүктүн биринчиси – ар адамдын ички дүйнөсү, ой жүргүзүүсү, сезим-туюму, көз карашы; экинчиси – жашоо чөйрөсү, көрүнүштөр, окуялар, ой, сөз тасирлер. Бүгүнкү күндө коомчулук турмушубузда журт башчыларыбыздан баштап, журналисттерге, ар кандай уюмдашылган күчтөргө чейинкилер, деги эле ар бир кыргыз баласы эске ала турган, ойлоно турган эң талуу маселе ушул айтылгын эки дүйнө деген ойдомун.

Айткан сөзүң – ал сенин өзүң. Сөз – ички дүйнөнүн күзгүсү. Дили тазанын сөзүндө амалкөйлүк болбойт. Ак пейил адамдар ар нерсени болгонун болгондой ачык айтат. Арамзанын сөзү да – арамза. Дили бузуктун сөзү да бузук. Бузукулук сөз жаман. Элге, коомго зыян. Ички дүйнө, түшүнүктөр кандай болсо, ар бир адамдын иш ийгилиги, күткөн чөйрөсү, жакшылыгы, жамандыгы жана башкаларынын баары ошого жараша болот.

Тирүүлүктөгү дагы бир эң башкы маселенин маселеси бул – чындык. Чындык жок жерде эч убакта адилеттик болбойт. Чындык тебеленген коомдо жашоонун өзү – азап. Чындык пайдалуу болгон шартта гана коом өнүгөт. Айла-амалга, алдамчылыкка баткан коом акыры жарылат.

“Чак-челекей будуң-чаң аркылуу сапаттык жаңы абал түзүлөт”; “Через хаос образуется новое качественное состояние”. Бул – алгачкы мамлекет башчыбыздын айтканы. 20 жылдан ашып баратат, сапаттык жаңы абал түзүлгөн жок. Эл арасы уйгу-туйгу. Бирөөлөр чындыкты, адилеттикти издеп жүрсө, дагы бирөөлөр алардан качып жүрөт.

Чындык канткенде айкындалат? “Талаш-тартыш чындыкты айкындоого эмес, көбүнчө көмүскөлөөгө көмөкчү болот. Чындык ээн олтуруп ойлонгондо ачыкталат да, кашкайып чыга келет. Ошондо талкууга алуунун кереги жок болуп калат” (Лев Толстой).

Кыргыз коомчулугундагы эки түрлүү көрүнүштүн бири – теледе, радиодо, коомчулук жыйындарда ойлонуп ой бөлүшүү эмес, демократия, сөз эркиндиги деп коюп көчө сөз деңгээлиндеги, көнүлдү иренжиткен, кыжалаттандырган карандай кайым айтышуулар.

Экинчиси – абалга, келечекке терең ой жүргүзгөн адамдардын акыл ойлору, алардагы илимге, билимге, таамай жүйөгө негизделген ой бөлүшүүлөр, жалпы элдик келечекке карата изденүүчүлүк иш-аракеттер. Экөөнүн кайсынысы чечүүчү негизге ээ болот, коом, эл тагдыры ошого жараша.

Эл журт каткенде келечекке түздөлөт? Ушул маселени нечен жылдар бою изилдеп, табигый жана социалдык мыйзам ченемдүүлүктөр негизинде так, таамай аныктамаларды, негиздемелерди иштеп чыккандар бар, дүйнөлүк илим, билим, булактарын казып окуп, эч кандай талаш тартышсыз эле өз алдынча изденип, ойлонуп.

Ушу тапта элибизге, коомубузга эң башкы зарылчылык –таамай     акыл ой.

Тилектеш, идеялаш, максатташ таза күчтөрдүн биригүүсү гана элге келечек, бактылуу жашоо турмуш негиздей алат. Башка жол жок, болушу мүмкүн эмес.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.