Тил табияты – 2

Автор: sarymsakov, июля 30, 2012

* * *
Кимдин ким экендигин сыпаттоодон тышкары адамдардын жан дүйнө  абалына колодонулчу сөздөр бар. Мисалы: делбетап, делөөрүп, дегдеп, делебеси козголуп, жүрөкзаада, жүрөксүнүү, санаркоо, сарсанаа, экианжы , кошкөңүл, көңүлкош… Баяндоолордо, маалымат берүүдө колдонулса неге болбосун! Мисалы: Делебе козголуп, дөгүрсүгөн абал коомдо күчөп баратат; Сарсанаа болуп оокаттан кыйналгандар канчалык аз болгон сайын, коом ошончолук омоктуу; Эл жүрөкзаада болбош керек. Бул жерде экианжылыкка жол жок.

* * *
Үналгыдан сүйлөп атат: Ал көп баалуулуктарды өзүнө камтыган адам. “Салабаттуу адам”, деп койсо болот эле да. “Базар кыймылга толуп чыкты”, деп атат. “Базар кызыды” деп эле койсо болмок. Ушинтип сүйлөгөндөр – журналистердин өздөрү.

* * *
Чүй өрөөнүн кесип өткөн кан жолдун боюнда оңду – солду эки тарап жазылып турат: “Көңүл бургула, мектеп, балдар” деп. “Абайлагыла, алды жокта мектеп, ойноок балдар бар” десе сөз өз ордунда болмок.  “Көңүл бургула” бул кандайдыр бир маселеге карата айтылчу сөз да.

* * *
Элибиздин эне тил табыятындагы далай таамай сөздөр сейрек колдонулуп, кээ бирөөлөрү унутулуп баратат. Атап өтөлү: Адеми, Адөөлөт, Ажыт, Алешем, Алпейим, Бейтап, Белсемдүү, Демейки, Дидар, Дидарлашуу, Жаал (жаалы катуу), Жөнтөк, Жүйө, Запкы, Кыраакы, Кыянат, Ылаажы, Ылайым, Лып(лып ордуна отура калды), Маанек (баш маанек), Маашыр, Магдыр, Мадыра, Мажес, Мажүрөө, Маза(мазасын чыгара), Майнап, Мандем, Маңыроо, Мартаба, Медер, Мертебе, Мойсо, Мөгдө, Мөлтүр, Мөөрөй, Набыт, Напси, Насили, Ойрон, Окус, Огожо, Окторул, Оомат, Орошон, Өктөм, Өкүм, Өнөгөлүү, Өңүт, Шардана, Шыпаа…

Адеми (келишкен, көз жоосун алган); Адөөлөт (адил, таза); Ажыт (табити, табыяты, маани-маңызы); Алешем (жетиле элек, чала). Коомубуз алешем абалда; Алпейим (оорбасырык); Бейтап (Бейтапмын дегендин ордуна “өзүмө келе албай жүрөм” деп сүйлөп жүрөбүз); Белсемдүү (ишенимдүү, дараметтүү) Бийлик белсемдүү болмоюн коом тынчыбайт; Демейки (боло жүрчү); Дидар, дидарлашуу; Жаал (жаалы каттуу); Жөнтөк (тартиптүү, жөнөкөй мүнөз); Жүйө, жүйөкер, жүйөкеч, жүйөчү, жүйөчүл – дал ушул сөздөр азыркы турмушубузда кеңири колдонулууга зарыл болуп туру;Запкы (турмуштан запкы жегендер көбөйүп баратат); Кыраакы  – бул сөз да кеңири колдонулуу зарылчылыгында. Мисалы: Сырткы зыяндуу таасирлерге карата элдик кыраакылык күчтүү болмоюн түз жолго түшө албайбыз; Кыянат. Бул сөздүн да айтылчу себептери арбын. Мисалы: коомдо кыянатчылар күчөп бараткан жокпу? Эмне деген кыянатчылыктар жасалып атат? Ылаажы (ылаажы жок) – айла жок дегенден көрө ылаажы жок, десе таамай. Айла дегендин өзү айла – амал маанисинде терс; Ылайым, дайыма дегенден көрө көп учурда ылайым орундуу; Лам (лам дебей макул болду, элестүү);Лып (лып ордуна отура калды, эгерде ушул жерде дароо деген сөздү колдонсок мааниси так болбой калмак); Маанек (баш маанек); Маашыр ( өзүнө өзү маашыркагандар); Магдыр (ийгиликтерге магдырап калбаш керек);Мадыра (мадыра баш абалдан чыгышыбыз керек); Мажес (өлкөбүздө тейлөө кызматы али мажсе бойдон); Мажүрөө (коом мажүрөө); Маза (мазасын чыгара иштегендер аз); Майнап (натыйжа дебей, көп учурда майнап деш орундуу болот); Мандем (жөндөн жөн эле эмес, мунун бир мандеми бар, десе кандай гана куп келишип атат); Маңыроо (бул деген – маңуроолук); Мартаба, мартабалуу (мартабалуулар чогулуп чоң жыйын өткөрүлдү); Медер (эртеңкини көздөп тутунар медерибиз – ишкерлер чөйрөсү); Мертебе (ай сайын бир мертебе эскертилип турат, бир жолудан дегенден көрө бир мертебе таамай); Мойсо (өлкөнү сүлүк курттай мойсоп аткандар бул – коррупциячылар); Мөгдө (коррупция коомду мөгдөтүп туру); Мөлтүр (ошондо баары туп – тунук болуп мөлтүрөйт); Мөөрөй (спортто колдонула турган таамай сөз (атаандашын жеңип мөөрөй алды); Набыт (курман болду дегенден көрө набыт дегенди колдонсо орундуу болуп атпайбы); Напси (напсисин тыя албагандардын айынан коом куруп баратат); Насили, насил (насили таза); Ойрон (бийликте иш билгилик жок болсо, коом ойрондойт); Окус (бул окусунан болуп калды); Огожо (аз да болсо огожо болуп); Окторул (буркан- шаркан түшүп, окторулуп каптап кирип атат); Оомат (заманыбыздын ооматы келсе, оокатыбыз оңолор); Орошон (коом турмушунда орошон күчтөр көбөйгөн сайын жашообузда жакшылыктын жылдызы жанат); Өктөм (өктөмчүл бийлик өсө албайт); Өкүм (ушул сөз да көп колдонулбай баратат, чечим делип. Сот өкүмү); Өнөгөлүү (өлкөбүздө өнөгөлүү иштер башталчудай); Өңүт (ар иштин өңүтү келе түшкөн учуру болот); Шардана (Бар болгондун баары элге шардана боло бергени жарабайт); Шыпаа (шыпаа болуп, сакайып кетти).

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.