“Жазганыбыз жакшы окулсун десек…” китебин окуп…

Автор: sarymsakov, июля 23, 2012

Тирүүлүктүн, жашоо турмуштун, баарынын жөн-жайына жалпы түшүнүк жаратып турган акыл бул – философия. Журналистика да дал ошнодой. Бул өзү  көп кырдуу, өзүнчө бир өзгөчөлүү иш, ишкердүү чыгармачылык. Ал Эл ишеничине ээ болгон негизде гана коомчулук турмушта өзүнүн татыктуу ордун ээлейт. Кесип катары турмуш жүзүндө канчалык кадыр – барктуу болсо, элге жасалган журналистик кызмат ошончолук жугумдуу. Бул кесипке сөз тийгизбөө, ыйык тутуу, кадырына жете билүү – эң башкы зарылчылык.

Бул кесиптин күчү эмнеде? – Сөздө, жүйөдө. Сөздө дегенибиз кандай? Сөздө дегенибиз – анын таамайлыгы, таасирдүүлүгү, элестүүлүгү, орундуулугу, түшүнүктүүлүгү, так айтылгандыгы.

Жүйө дегенибизчи? Кыргыз турмушунда жүйөлөшүү деген салт болгон. Үй-бүлөдө болобу, же тараптар ортосунда кандайдыр бир катуу карама – каршылыктар чыкса кадырлуу кишилер ортого түшүп териштирип жөнгө салып турушкан. Бул өзү салтка айланган кыргыз элдик нарк. Айтайын дегеним, журналистик кесиптин дал ушундай жактары, бүгүнкү кыргыз турмушунда өтө зарыл болуп турат.

Жыргалбек Касаболотов – коомчулукка таанымал таамай акын. Кыргыз орус эки тилде бирдей такшалган журналист. “Жазганыбыз жакшы окулсун десек…” деп кесиптештерине гана эмес, жалпы эле эне тилибиздин өнүгүшүнө кайдыгер эместерге керектүү, сабак түрүндө колдонмо китеп жазган экен. Окуп чыгып бул өзү – абдан таамай иш деген ойго келдим. Нускасы өтө эле аз экен. Көбөйтүү керек. Бул ишти тереңдетип улантуу керек. Коошпогон копол сүйлөм түзүлүштөрдөн тазалануу – тарыхий зарычылык.

Китепте мисалдар келтирилген экен. Ошолордун бири: “мигранттардын экинчи толкуну оппозициянын ноябрдагы митингдеринин тушунда өлкөнүн жашоочулары жаңы башаламандыктардан коркуп турган, кийин орус тилин расмий статустан ажыратуу зарылдыгы тууралуу билдирүлөр жасалган, Конституция алмашып жаткан маалдагы 2006-жылга туура келди”. Муну минтип эле жазып койсо болмок дейт, автор: “миграция экинчи ирет 2006-жылы күч алды. Оппозициянын ноябрда өткөргөн митингдери элди түп көтөрүп, кайра башаламндык башталабы деп эл-журт кадимкидей элейип калган. Анын үстүнө орус тилинин расмий статусун алып салуу маселеси боюнча көп сөз болуп кетти”.

Кыргызды кыргыз кылып сактап турган бул – элибиздин эне тили. Эне – улук. Эне – ыйык. Баарыбыз энеден туулганбыз. Кыргызга кыргыз тили – Эне! Энени кордогон бала жакшылык көрбөгөндүгү сыяктуу эле, эне тилибиздин кадырына жете албасак келечек туюк. Тил башкалардын баарынан башкача мааниге ээ. Азырынча кое туралы дечү маселе эмес. Кечиккен сайын кеч болуп, өтүшүп, татаалдашып жүрүп олтурат. Бүгүнкү кыргызча таза сүйлөй албаган кыргыздардын жылдан жылга көбөйүп бараткандыгы ошого далил. Сөздү, ойду эне тилибизде так, таамай айта билүү, жаза билүү – мамлекет, мамлекет башчылык деңгээлде катуу талап коюлуп, чечкиндүү чара көрүлө турган маселе.

Тил элдин жан дүйнөсү делип жүрөт. Кыргыздар калктын 74 пайызын түзгөн кыргыз мамлкекетинде дал ошол жан дүйнө жабыркап, жардам сурап жалдырап туру, айрыкча журналистердин оозун карап, үмүт артып.

“Journalist news”, №9, 2012-ж.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.